Ош ШИИБдин басма сөз кызматы Ошто 46 жаштагы адам 500 сом үчүн аялын өлтүрүп, 2 күн аны эч кимге айтпай койгон адамдын кармалганын кабарлады. Маалыматта:  19-февраль күнү Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун 1973-жылы туулган тургуну ѳзүнүн аялын (1984-жылы туулган) чырдаша кетип ур-токмокко алып, натыйжада катуу жаракат алган аял диванга жаткан боюнча турбай, каза болгону айтылат.

Шектүү аялы ошол күнү апасынан 500 сом акча алып чыгып кеткендигин жана келгенде ал акчаны эмнеге коротконун сураса айтпагандыгын, өзү мас абалда болгондуктан жаңжал чыгып, сабагандыгын айткан. Аялы 19-февралда каза болсо, тез жардам кызматын, милиция органдарын чакырган эмес.

Кылмышка шектүүдѳн эмне себептен аялынын ѳлүмү тууралуу тиешелүү органдарга маалымат бербестен, эки күн бою жансыз денени жаткан жерине калтырып койгондугун сураганда: «Сасык тумоо болуп ооруп, билдиргенге мүмкүнчүлүгүм болбой калды», — деп айткан.