25- февраль Бишкек шаарындагы №4 төрөтканада таңкы саат 5:00дө  4 эм жарыкка келди. Маалыматты төрөт үйүнөн тастыкташты.

“Жаш эне Нурайым Рысмат кызы кесарево жолу менен төрөгөн. Үй-бүлө 4 жылдан бери наристе күтүп келишкен. Жеңебиздин биринчи төрөтү, ал 1991-жылкы. Ымыркайлардын үчөө кыз, бирөө эркек бала, алардын абалы жакшы. Учурда эне операциядан кийин өзүнө келе элек, жандандыруу бөлүмүндө. Эркек баланын салмагы 1 килограмм 700 грамм, бир кызынын салмагы 1 килограмм 470 грамм жана калган эки кызынын салмагы 1 килограмм 400 грамм болуп төрөлдү”, – деп билдирген жергиликтүү басылмалардын билдирген Алмагүл Кенжегул кызы.

Үй-бүлө Талас облусунан болот. Учурда Бишкек шаарында эмгектенип, батирде ижара төлөп жашашат.