Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев парламенттин дүйшөмбүдөгү жыйынында премьер-министрлик кызматка Аскар Маминдин талапкерлигин көрсөтүп, депутаттар аны колдоп беришти.

Аскар Мамин 21-февралда кызматтан кеткен мурдагы премьер-министр Бакытжан Сагинтаевдин биринчи орун басары болуп иштеген. Сагинтаев кызматтан кеткенден кийин премьер-министрдин милдетин аткара баштаган.

Аскар Мамин 53 жашта. Өкмөткө келгенге чейин «Казакстан темир жолу» улуттук компаниясын, Астана шаарын, Транспорт жана байланыш министрлигин жетектеген.

Бакытжан Сагинтаев башында турган өкмөт эки жарым жылга жакын иштеди.