«Кыргыздын улуттук оюндары» деген китеп чыгарышкан экен. Автору, же түзүүчүсү ким экени деле азырынча белгисиз? Бул китепке кирген оюндардын катарында: «Бузук телефон», «Бөтөлкө тегеретмей» деген аталыштагы  өспүрүм балдардын көчө оюндары бар экен. Мына ушул өӊдүү маани-маӊызы жагынан улуттук оюн дегенге эч эле жакындабай турган оюнду кайсы акылы айды чапчыгандар китепке киргизип жүрүшөт? Чынында, барган сайын эле туш-тарабыбызда дөдөйлүк көбөйүп барат. Өкмөтүбүз, Маданият министрлиги ушундай өзүм билемдик кылгандарга чара көрүшү керек? Же бул ишке өкмөттүн да тиешеси барбы? Эми бул жагы бара-бара ачыкталаар…

Айтор, кандай иш кылсак да, кандай китеп жазсак да кичине ойлонуп, талапка ылайык иш кылбайлыбы? Көк мээликтин деле чеги болот эмеспи. Эми бул китепти окуган жаштарыбыз чын эле ушул оюндар улуттук оюндар турбайбы деген түшүнүктө калышат да. Анан дагы бир билерман, чокчоӊдоп чоӊсунгандар чын эле улуттук оюн кылууга ашыгып жүрүшпөсүн…. Деги, акыл калчайлычы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here