Бул тууралуу маалыматты биринчилерден болуп  акын Мая Осмонкулова жазып чыкты. Төмөндө эч өзгөртпөй беребиз:

-Бүгүн биздин айыл күйүткө батып олтурат. Эл эмес Жер эне кошо онтогондой, энеси менен 14 жашар кызын жерге бердик. Дагы эки наристенин өмүрү эки ортодо жатат. Бул видеодон көрүп турган контролер кыз жанагы 14 жашар кыздын » Азыр апам келип төлөйт, өчүрбөсөңүз» деп жалынганына карабай светин кесип кеткен. Атасы 11-класс окуган баласы менен Бишкекте ооруканада болчу. Күн суук, тамакты балдарына сыртка бышырып, оттун чогун балдарым үшүбөсүн деп бирдемеге салып жаткан бөлмөгө киргизип койгон. Ошентип бир үй бүлө баары көмүрдүн исине ууланып калышкан.

Ал эми «Түндүк Электронун» маалыматы мындай:

-Таластагы  үй-бүлө электр жарыгына болгон 2483 сом карызын төлөбөгөнү үчүн «Түндүк электр» ишканасы тарабынан 8-февралда эсеп дүмүрчөгү келип, бир жуманын аралыгында төлөө талабы коюлган. 19-февралда ишкананын аймактагы адистери барып карызды белгиленген убакытта төлөбөй койгону үчүн үй-бүлөнүн электр жарыгын өчүрүп кетишкен. 2483 сом карыздын 2400 сому январь айындагы карызы болсо, калган бөлүгү 2018-жылдын декабрь айындагы карызынан калганы болгон.
Ошол күнү үй кожейкеси эки кыз, бир уулу үшүп калбасын деп үйдүн ичине чаканы алып кирип, ага от жагууга аргасыз болгон. Жыйынтыгында андан чыккан иске түн ичинде уктап жатып ууланып калып, өзү жана бир кызы каза болуп калса, 12 жаштагы баласы менен 4 жаштагы кызы оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Учурда 12 жаштагы баласы эсине келип, кызы дале эсине келе элек.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here