Египет бийлиги үй-бүлөнү туура пландоо боюнча «Эки бала жетиштүү» деген атайын программа баштаганы маалым болду. АКШ бул программаны колдоп, 19 миллион доллар жардам кылган. Бул акчага аялдарга  атайы окуулар уюштурлуп,  бойго бүтүбөөчү атайы каражаттар акысыз таратылмакчы.

Негизинен өлкө бийлигинин мындай чоӊ маанидеги программасы  100 миллионго чукулдап бараткан өлкө калкын саны тез көбөйүп кетишине каршы иштелип чыккан . Статистика боюнча: Египет калкы жыл сайын 2,6 миллион адамга көбөйүп жатат. Бул таза суу тартыш, жумуш орундары жетишпеген өлкө үчүн абдан чоң көрсөткүч. Президент Абдел Фаттах ас-Сиси буга чейин террорчулук менен калктын өсүшү Египет үчүн эки чоң кооптуу жагдай экенин айтып келген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here