Казак президенти Нурсултан Назарбаев өкмөттүн отставкасын кабыл алганын казак ЖМКлары жазып чыкты. Аз күн мурун Эл башы Назарбаев в өлкөдөгү экономикалык маселелерди жөндөй албаганы үчүн өкмөт “кетиши керек” деп өкмөттө катуу сынга алган. Ал  өкмөттү казак элинин деңгээлин көтөрө албагандыгын, өлкөдө жумушсуздук көйгөйү, айрыкча айыл жергесинде чечилбей,  чакан жана орто ишкердик экономикалык өнүгүүнүн негизги күчүнө айланбаганын баса белгилеп, сындады.

Казак өкмөтүн эми жаӊы өкмөт башчы шайланганча  убактылуу вице-премьер-министр Аскар Мамин жетектейт.  Казак өкмөтүн 2016-жылдын сентябрь айынан бери Бакытжан Абдирович Сагинтаев жетектеп келген. Ал Назарбаев дайындаган 10-премьер-министр болчу.

Өкмөттүн кызматтан чегиниши өлкө боюнча көп балалуу энелердин нааразылыгы күчөгөн маалга туш келди. Астанада бир үй-бүлөнүн беш кызынын өмүрүн алган өрттөн кийин аялдар мамлекеттен социалдык колдоону жакшыртууну талап кылып жатышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here