Улуттук статистика комитети 2019-жылдын 1-январына карата Кыргызстандын калкынын саны 6 миллион 389 миң 500 деп эсептелгенин кабарлады. Маалыматта: ушу тапта  элдин облустарга, райондорго, шаарларга карата катышы жана улуту, жынысы, курагы боюнча курамы такталып жатканы айтылат.

Өлкөдө калктын саны 2018-жылдын 1-январында 6 миллион 256,7 миң, 2017-жылдын 1-январында 6 миллион 140,2 миң, 2016-жылдын 1-январында 6 миллион 19,5 миң деп саналган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here