Кыргыздын мансапкор, жеткен кошоматчыларынын эң алдына депутат Сайдулла Нышанов  чыкты десек жаңылышпайбыз. Бул адамга айла жок экен. Чынында:  “Мага десе, көчүгүмдү карышкыр жесин,  иши кылып бийликте туруп, элге акыл үйрөтүп, бакылдап турсам болду”  -деген сөздү башкы ураан кылып алган окшобойбу. Анын мындай аракети классикалык кошоматтарынан көрүнүп эле турат. Эске салсак, Нышанов Атамбаев ажолукту өткөрүп берип жатканда ага Кыргыз Эл баатырын берүүнү демилгелеген эле. Бирок анысын унутуп калып, азыр ойду-тоону сүйлөп жүрөт. Азыркы ажого да укмуш жагынат. Эми болсо башбакан Абылгазиевди “эң мыкты премьер-министр ”- деп бакылдап турат. Эртең өкмөт башчы кызматтан кетсе, дагы эле ойду-тоону сүйлөй турганы бештен белгилүү.  Кыскасы, калыстык, чындык дегенден алыс жашагандар аман эле болсунчу…

Булак: Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here