Кытай мактанса жарашат эле. Жапон мактанса жарашат эле. Немис мактанса жарашат эле. Чечен мактанса жарашат эле. Жаныбек Юмаралисмус деген акын иним айтты эле, ”Шаке, оруска чепкен жарашпайт, кыргызга көпкөн жарашпайт” деп. Анысыгандай, алды-артын байкап жүрөр бекен деп ушул ырымды жаздым.

Кайран кыргыз

Ак өпкө болуп талашкан,

Азизден карек жараткан.

Алкынма тарых жазган көп,

Ааламды бизден тараткан.

 

Дүүлүгүп кечке талашкан,

Дүлөйдөн кулак жараткан.

Дүрбөмө тарых жазган көп,

Дүйнөнү бизден тараткан.

 

Кыт куйган жерден ок табат,

Кызарган жерден от табат.

Кылычын алды дегенче,

Кырылбас душман жок калат.

 

Кыйкырса кыргыз жинди да,

Кырданып чыгат ким буга?

Жүрөгү түшүп Кытайдын,

Жүгүнүп турат Индия.

 

Ойротко ойрон салганын,

Оромпой тээп барганын.

Орусу менен немисин,

Оңойле “омдоп” салганын.

Бардаңке менен башка атып,

Батышты басып алганын.

 

Чылбырын аттын бурганын,

Чымындан бери кууганын.

Чытырман токой, чеп салып,

Чыныгы хандык курганын.

Чыгышты чычпай-сийгизбей,

Чыңыртып кармап турганын.

 

Бейжайга түшүп кеп кылат,

Бегиңди тааны деп турат.

“Бекбекей” болуп бержакта,

Бечара акыл-эс турат.

Безенип тили ансайын,

Безилдеп мээңи жеп турат.

Бейдарек сөздү кой десең,

Бернштам менен бетке урат.

Аңтарып көрдү кеп кылат,

Ажоңду тааны деп турат.

Аз калган мээңи ансыз да,

Ажылдап улам жеп турат.

Айдарек сөздү ачытпай,

Ары алпар десең сес кылат.

Алдыңа жайып картаны,

Атилла менен бетке урат.

 

Ишенбейт доомат, догуңа,

Ишенбейт ою-боюңа.

Илибой жерден шарт сунат,

(И) Римдин “башын” колуңа.

 

Улантат анан дастанын,

Угасың укмуш жактарын.

Уругвай менен Парагвай,

Ушерден көзүн ачканын.

 

Негрден Каныш кул жумшап,

Ненецтер бугу бакканын.

Нанайлар менен Чукчалар,

Наалы эже менен жездеге

Насвай ийлеп жатканын.

Жакыпка катуу таарынып,

Жанкөрбөс жарым аралга

Жапондор көчө качканын.

 

Көп элге кыргыз дары дейт,

Көп элдин кыргыз багы дейт.

Көөдөндө эмес бу калктын,

Көгүндө болчу жаны дейт.

Көмкөргөн таштек кейптенбей,

Көпкөк көз болчу баары дейт.

Көңүлү тетик, көрөсөн,

Көйкөлүп чачы сары дейт.

Чыныгы кыргыз башка эле,

Чыңгызхан бузган аны дейт.

 

Канакей ошол буудан эл,

Каңгайдын жолун бууган эл?

Качырып кирип душманга,

Каран түн салып кууган эл?

 

“Алмамбет” бузуп жеңесин,

“Айчүрөк” сатып денесин.

Зоругуп “Манас” жатат го,

Зордуктап салып энесин.

 

“Семетей” жүрөт мал уурдап,

“Сейтегин” кошуп тай уурдап.

“Күлчороң” болсо каракчы,

Күүгүмдө барып “там” уурдап.

 

Кырк чороң болсо койгулап,

Кылмышка барчу жолду улап.

Думана кылып жаштарды,

Дубинка менен койгулап.

 

Жакшыңдан калкым, кейиш көп,

Жанкечти ууру, жегич көп.

Жанга уруп жанды тоңкоңдоп,

Жайнамаз кылчу тегиз көп,

Жан-жакты байкап карачы,

Жайпап жок кылаар деңиз көп.

Жалаяк кылчу жашоодон,

Жамынып жатчу бейит көп.

Барк кеткен улуу-кичүүңдөн,

Балдарың жалаң Кейишбек,

Чалмакей салган өз элин,

Чалдарың жалаң Тейитбек…

 

Ушинтип жазган, кайран Шакем.  Чын эмей, кыргыздын кээ тарыхчылары, санжырачылары, адабиятчылары кыргызды дайны жок эле көтөрмөлөп, эӊ байыркы, эӊ күчтүү эл болгонун асманга чыгара айтып жүрүшпөйбү. Ошону айткан Шакем. Анан да бизге ыйык болуп эсептелген Манас, Алманбек, Каныкей деген аттарды көрүнгөнгө кое бербеш керектигин айткан. Азыр арагы бар Манас деген… Илгери кыргыз баласы жогорудагы аттарды койгон эмес, койсо, ырым-жырымын жасап, кудайга жалынып туруп коющкан… Мен көп сөз айтпайм, миӊ айтсам да Шакемдин айтканына жеткире албайбыз да. Андыктан ушул таасын ырды окугандан башка арга жок…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here