Кош бойлуу кезде болочоктогу эне эки киши үчүн жеп, кыймылды азайткандан улам ашыкча салмак топтой берет. Төрөттөн кийин ал ашыкча салмактан арылуунун жолдорун издей баштайт. Туура, тогуз ай топтогон ашыкча салмактан 1-2 айда арылууга мүмкүн эмес. Ошондой болсо да, төрөгөн энелер үчүн кээ бир кеңештерди сунуштайбыз.

Картинки по запросу после родов вес не уходит

 Баланын курсагын тойгузам деп калориялуу тамактан ашык жеген туура эмес

Эмчек эмизген аялдар сүтү калориялуу болуп, баланын курсагы тойсун деп майлуу, камыр, калорияга бай тамактарды көп жешет. Каймак, майлуу быштак, кант, таттуулардын баарын жей беришет. Андай учурда аял 2-3 эсеге толуп кетиши ыктымал. Баласын тойгузам деп атып өзүнүн өтө семирип кеткенин байкабай калат. Бала эмчектен чыккандан кийин канча жылдан бери жыйналган ашыкча салмактан арылуунун жолун ойлоно баштайт. Бирок, анда бир аз кечирээк болуп, арыктоо бир топ кыйынга туруп калат.

Спорт менен машыгууну 2-2,5 айдан кийин баштоо дурус

Төрөй калып фитнеске барып же спорт менен машыгам дегендер да жаңылышат. Себеби, ички организм өзүнө келмейинче организмди кыйноо жакшы натыйжа алып келбейт, тескерисинче оору-сыркоо көбөйөт. Медицина кызматкерлери төрөгөн аял омуртка, жамбаш сөөктөрү өзүнө келгенде гана 2-2,5 айдан кийин гана спорт менен машыгууну туура көрүшөт.

Кыймылына жана жеген тамагына көңүл буруу керек

Эгер төрөгөн аял бир күндө кандай иштерди аткарат, кандай тамактанат жакшылап көңүл бурса арыктап, кайра мурунку калыбына келүү абдан оңой. Мисалы, баласын эмизип коюп эле кыймылдабай жата берсе, албетте салмак кошулат. Бирок, андай учурда майлуу эттен, калориялуу тамактан баш тартып, мисалы майлуу эттин ордуна тооктун же балыктын этин колдонуп, картөшкө, шекер жана таттуулардын ордуна күрүч, белокторду, өсүмдүк майларын колдонуп, куурулган тамакты топтотуп, сууга, буууга бышкан тамактарга басым жасасаңыз эле мыкты натыйжасын берет. Анан балаңыз аллергия болбой турган жашылча-жемиштерди көбүрөөк пайдалансаңыз жакшы.

Кичинеден бирок 4-5 маал тамак ичүү жакшы

Кичинекей порциялар менен күнүнө 4-5 маал тамактаныңыз. Эмизген аялдар көбүнчө баласы уктаганда бир тоюп алып кечке жүрө бермей адаты бар. Арыктайм деген адамга ал такыр болбогон нерсе. Анан бала уктап жаткан маалда күнүнө жок дегенде 15-20 мүнөт уктап алганыңыз жакшы. Себеби, ошол кыска убакыт аралыгында эненин организми кичине болсо да эс алат.

P.S. Жогорудагы кеңешке көңүл буруп, аны аткарсаңыз жумасына жок дегенде 400-500 г арыктайсыз. Эгерде андай арыктабасаңыз, анда эндекринологго кайрылышыңыз керек. Себеби, гормоналдык бузулуу болушу толук мүмкүн.

                                                     Самара САЛАМАТОВА

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here