Бийлик үчүн азыр жеңил эмес учур. Моюнга алыш керек. Тарых спираль катары өнүгөт деген түшүнүк бар. Дал ошол сымал тарых кайталанып жатат. Бирок башка өңүттө.

Айталы Акаевби, Бакиевби, Отунбаевабы, Атамбаевби кимиси болбосун алгачкы президенттик жылдарында тышкы саясатты ырааттуу алып кетүү баарына оор болгон. Азыркы бийликке да оор болуп жатат. Анткени бизде ушул мезгилге чейин тышкы саясат багыттуу мамлекеттик ишке эмес, бийликтин алмашуусуна көз каранды болуп келген. Акаевдик кош стандартуу, башкаруу модели батыштык, иш жүзүндө партбосстук тышкы сымаптай кылтылдаган саясат, Бакиевдик «Эмне берсең ала берем” саясаты, Атамбаевдик бир беткей россиялык саясат акыр түбү келип биздин тышкы саясаттын ишпалдасын чыгарды.

Туура, биздей тегереги авторитардык, жарым-жартылай өнүкпөгөн, Кытай сыяктуу бир партиянын үстөмдүгү орногон тоталитардык система, бир кишинин кабагына байланган Россия сындуу ири мамлекеттер менен кызматташып жаткан учурда ырааттуу тышкы саясатты алып баруу өтө оор. Анан калса атагы алыска кетип, Кожо көрсүнгө түзүлүп, иш жүзүндө ири державалардын кызыкчылыгын коргогон ОДКБ, ШККУ, ЕАЭБ өңдү союздарга мүчө болгонубуз менен Кыргызстандын эле эмес, жалпы эле чакан мамлекеттердин кызыкчылыгы кыкка турбаган уюмдар мамлекетке чыгаша гана алып келбесе, азырынча пайда батасы тие элек.

Акыйкат үчүн айталы, азыр ЕАЭБ гана миграция тармагына жарым-жартылай жарыгын тийгизип жатат. Биз жогоруда айттык. Мунун баары бийлик алмашкан сайын тышкы саясатта жаңы кадамдар, оорчулуктар башталып жатат. Ары кетпей, Атамбаевдик саясат учурун эске алсак, Путин Атамбаев менен жеке мамилесинен улам, балким Бакиевдик «Манас» авиабазасына байланыштуу коммерциялык иштердин натыйжасы менен Кыргызстан россиялык тышкы саясаттын туткунда калган. Муну ичинен байкаган Кытай өз кадырын арттыруу максатында экономикалык бир канча долбоорлорду каржылап, өз таасирин көргөзө алды. Бул ортодо Атамбаевдик бийликтин Жээнбековдук бийликке алмашуусу менен жана азыркы кырдаалдагы жеке мамилелеринен улам тышкы саясаттагы багыттар кайрадан кыйчалыш кырдаалга кептелди. ТВЕА, ТЭЦ, «Датка-Кемин», ЛЭП сыяктуу ири долбоорлор саясатташып кетип, Кытай мамлекети мындан бир жыл мурун беребиз деген 100 млн. кайтарымсыз акчасын ачык эле бербей койду. Болбосо бул акча каражатын берүү боюнча эки өлкө лидерлери расмий Пекинде кол коюшкан. Демек биздин ички саясаттагы тирешүүлөрүбүз Кытай – Кыргызстан алакасына өз таасирин тийгизди.

Россия… Каалайбызбы-каалабайбызбы Россия мамлекети менен тыгыз иштешүүгө мажбурбуз. ГСМ, соода-сатыкты айтпай эле коелу. Бир эле миллионго чукул мигранттарыбыздын ал жакта жүрүшү биздин ал өлкөгө канчалык деңгээлде көз каранды экенибизден кабар берет. Ушул алкактан алып караганда, биздин бийлик башчылары Россия бийлигине түздөн-түз көз каранды. Ал ортодо Атамбаев менен ашыналаш, ФБКнын мурунку жетекчиси, азыркы Евразия Өнүктүрүү Банкынын башкармалыгынын төрагасы Андрей Бельянинов келип, кыргыз бийлигин сөздүн ачык маанисинде сөгүп кеткен. Сөккөндө да Алматыга туруп алып: «Кыргыз бийлиги Атамбаев учурунда жакшы иштечү, азыркыларда саламдашканга түзүгүрөөгү жок экен» —  деп келекелеген бир сөз менен орус кыргыз мамилесин муздатып койду. Натыйжада, орус бийлигинин Кыргызстанга расмий иш сапары артка жылып отурду. Протоколдук гана жолугушуулар болбосо, эки өлкө башчысында дээрлик пикир алмашуу болгон жок. Себеби бир гана. Атамбаев жана азыркы бийликтин учурдагы мамилеси. Эми гана эки өлкө ортосунда мамиле жанданганы турат. Ал да биз тараптын улам-улам сурануусу, чакыруусу, таазим кылуу саясатынан улам. Ошондуктан биздин президент Путин менен протоколдук жолугушууга барып, жакжагай жака менен жолугуп койгонуна кудайга жолугуп келгенсип, биз тарап чуулдап жатып калды. Дипломатиялык көз карашта бул анчейин ысык мамиле эмес.

Жыйынтыктап айтканда, биз эмне үчүн ушундай оңтойсуз мамилеге тушугуп калдык. Бир эле себеби бар. Азыркы бийликтин тышкы саясатын жөндөгөн бөлүм башчы, президенттик аппараттын орун басары Данияр Сыдыковдун дипломатияда өз орду жок экени. Данияр Батырович Сыдыков тышкы саясаттын оор калибри эмес, атасы Батыралы Сыдыковдун жеке аброюна, президенттин атасы менен, өзү менен ийиндеш иштешкени боюнча тандалды. Атасы да бир канча убакыт Өзбекстан мамлекетинде элчи болгон. Баласы да ошол мамлекетте элчи эле. Биз үчүн стратегиялык мааниси анчалык маанилүү эмес, тышкы саясатта жеке орду жок, эл аралык аренада жүрбөгөн ушул сындуу кардрларды кармоонун учурда кажети бар беле? Албетте жок. Демек, азыркы бийликтин тышкы саясатында жакын арада ырааттуулук болооруна азырынча ишеним аз. Путиндин келиши, Си Цзиньпиндин Бишкекке келүүсү азырынча ири державалардын гана пайдасына иштеп, чоң маселелер чечилүүсү артка жылат. Себеби алар азыр байкоочулук гана саясатын карманышат.

Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here