— Азиз Эмилбекович, сиз мэр болгондо кыргыз тилин билбейт деген нааразычылык туулду эле. Бирок сиз башым деп койгон жоксуз. Бул жоругуңуз кыргыз мамлекетин, кыргыз элин сыйлабастыгыңызды айгинелейт десек жарашабы? Качан кыргыз тилинде түш жоруп, өзүңүздүн кыргыз экениңизге сыймыктанасыз? Шаар башчысы болгону эл үчүн эмне иштерди жасап жатасыз? Бир-экөөсүн атап бере аласызбы? Эгер атай албасаңыз, демек Башкы прокуратура мыйзамсыз курулуп жатат деп токтотуп салган Ак үйдүн батыш тарабындагы, «Россия» кинотеатрынын артындагы 5 кабат имаратыңызды бүтүрүш үчүн гана келген болосуз да ыраспы? Дегенибиз, сиз мэр болгон күндөн тартып курулушу токтоп турган имарат жанданып, курулуп бүтүп калды. Сыр болбосо, стратегиялык аймак эсептелген Ак үйдүн жанына курулбай турган имаратты кандай жол менен уруксат алып, мыйзамдуу кылып курдуруп жатканыңызды айтып коёсузбу? Арийне шаарды сиз эмес, аппарат башчыңыз Балбак Түлөбаев башкарып калганы ыраспы? Максим Бакиевге ошол кездеги өкмөт башчы Данияр Үсөнов кулдук ургандай абал жарлаганы чынбы? Ак же көк деп үн катыңыз?..

Булак: Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here