Дабагерлердин көбүрөөк көңүл буруп, жарандарга кеңеш берчү учуру адамдардын семиздигинде  байкалат. Ар бир толук адам дабагерлерге кайрылганда “Салмагың көбөйүп кетиптир”, “Арыктасаңар болмок” деген кеп-кеңештерин ар дайым эле угабыз. Тажрыйбадан байкалгандай семирип кетүү оңой, ошону менен катар арыктоо үчүн врачтын кеп-кеңеши кээде жетишсиз болот. Ошентип биз семиздик жөнүндө кеңири сөз кылганда организмдеги май-затынын алмашуусу бузулуп, адамдын салмагынын өзгөчө көбөйүп кетишин белгилейбиз.

Адамдын салмагы көбөйгөнүнө байланыштуу биз семиздикти төрт даражага бөлөбүз:

1-даражада адамдын нормадагы салмагы 10-29%га чейин көбөйөт;

2-даражада 30-49%га чейин көбөйөт;

3-даражада 50-99%га чейин көбөйөт;

4-даражада 100%дан ашык.

Салмакты аныктоо үчүн изилдөөчү Броктун индекси боюнча адамдын  сантиметр менен эсептелген боюнун узундугунан 100 сантиметр кемитип койсок, адамдын килограмм менен эсептелген салмагы келип чыгат. Мисалы, бою 170 см келген кишинин салмагын эсептөө үчүн 100дү кемитебиз. Ошондо 70кг келип чыгат. Мындай аныктама адамдын конституциясына ылайык, жаш-курагына, жынысына карата 10% көп же аз болушу мүмкүн.

Биз байкагандай көп учурда семиздик башаламан ашыкча тамактанып, тамак-аштын кубаттуулугу, организмдин энергия сарптоосунан ашып кеткенде байкалат. Мында керектелүүчү тамак-аштын өлчөмү жана кубаттуулугу эмес, организмдин энергияга жана тамак-ашка болгон талабынын шайкеш келбегени өтө маанилүү. Ошондуктан кыймыл-аракеттин аздыгы семирүүнүн негизги фактору болуп эсептелет. Ошондой эле тамакты өз убагында ичпей, оңой сиңирүүчү углеводдорго бай, ашыкча канттуу кондитердик тамак-аш, таттууну жана мал майын, ак май,  майлуу этти көп жегенде байкалат. Дагы белгилеп кетчү жагдай  алкоголь ичимдигин ичүү семирүүгө түрткү берет. Анткени алкоголдук ичимдиктер кубаттуу келет, анын үстүнө ичкиликти ичкен адам тамакты көп жейт.

Семирүүдө организмдин тукум куума өзгөчөлүгү да белгилүү бир роль ойнойт. Көп учурларда биз америкалыктардын кинофильмдеринен   үй-бүлөдө ашыкча тамак жеп, баардык үй-бүлө мүчөлөрү семирип кеткендерин байкап жүрөбүз. Мындай үй-бүлөдө баланын кичин кезинен эле ашыкча тамактандыруудан анын зат алмашуусу бузулуп, семире баштайт. Бул бузулуу убакыт өткөн сайын күчөй берет. Семирүүгө ыңгайлашканда май тканы организмдин бардык ткандары сыяктуу эле ашык  тамакты талап кылат. Ошондуктан семиз адам тамакты көп жейт. Бизге келген Батышын “тез татым” ыкмалары, мисалы фастфуд, гамбургер жана ушул сыяктуулар, сиңимдүүлүгү жана татымдуулугу жакшы болгону менен адамды бат семиртет.

Кээде семирүү ички секреция органдарынын оорулары менен байланыштуу. Май-зат алмашуунун бузулушунан семирип кетүү сөөк менен муундарга күч келтирип, таяныч-кыймыл аппараттарынын өзгөрүшүнө алып келет. Өтө семирүүдөн дем алуу, жүрөк, кан тамыр системасы бузулуп, өпкө жана жүрөк оорулары пайда болот. Ашыкча семиздик кант диабетине, гипертония оорусуна, жүрөк ооруларынан стенокардияга, миокарддын инфарктына туштуктурат. Мындай семиздиктин өттүн сезгениши, өттүн  жолдорунун таш оорусу, уйку бездин сезгениши байкалат. Семиз адамдардын көбүнчө ичи катып, боорун май басат.

Эгерде биз семиздиктин пайда болуу механизмин талдай турган болсок, гипоталамо-гипофизардык системанын активдешүүсүнөн бөйрөктүн үстүндөгү үч бурчтук бездин иштөөсүнүн күчөгөнүн байкайбыз. Илимий-изилдөөлөрдөн аныкталгандай, гипофиздеги АКТГ гормону көбөйгөндө бөйрөктүн үстүндөгү безден кортизол гормону жогорулай баштайт. Андай учурда зат алмашуу күчөгөнү менен, майдын зат алмашуусу азайбайт. Анын себеби болуп,  организмдеги самототроптук гормондун азайышы ткандардагы майдын эришин жайлатат. Мындай учурда инсулин жогорулаганы менен анын таасири анча болбогонун байкайбыз.

Калкан безиндеги тиреоиддик гормондор азайып, ткандардагы зат алмашууну начарлатат.

Семиздиктин клиникалык белгилери

 Адамдын денесиндеги ашыкча майдын жайланышуусуна карата, семиздиктин өлчөмүнө жараша аны төмөндөгүдөй бөлсөк болот:

1-алиментардык семиздик. Мындай адамдар тамак-ашты ашыкча жеп, көп кыймылдашпайт. Алиментардык семиздик менен көбүнчө орто жаштагы адамдар жабыркайт. Мындай абал жашы өтүп калган аялдарда кездешип, алардын көп кыймылдабай, үйдө көбүрөөк отуруп калганынан болот. Ушундай аялдарда организмдеги майдын жайланышы денеге тегиз тарап, бирок ичте жана жамбаш-белде көбүрөөк жайланышат. Буларда эч кандай эндокриндик өзгөрүү байкалбайт.

2-гипоталамикалык семиздик. Мындай абал борбордук нерв системасынын ооруларынын гипоталамустка болгон тескери таасиринен байкалат. Мисалы, мээ шишигинен, травмасынан, нейроинфекциясынан адам бат толуп, кыймыл-аракети азайып кетиши ыктымал. Булар семиргенде майдын жайланышы өзгөчө ичте байкалып, фартук түрүндө салаңдап калат. Өзгөчө жамбаш, сан толуп, адамдын кыймылы өзгөрөт. Семиргендердин териси кургап, мала кызыл узун тактар пайда болот. Клиникалык белгилеринде: адамдын башы ооруп, уйкусу начарлай баштайт, кан басымы көбөйүп, тердеп, жүрөгү дүкүлдөп, бети албырып, басканда күйүгөт.

3-эндокриндик семиздик. Ушундай абал эндокриндик ооруларда пайда болуп, мисалы, калкан бези начар иштеп калганда, Иценко-Кушинг оорусунда байкалып, организмдеги майдын жайланышы бир кылка болбой, дененин кээ бир ткандарында көбүрөөк жайланышат. Гормоналдык өзгөрүүлөрдөн аял кишинин бетине сакал-мурут чыгып, эркек кишилер аял сыяктуу семирет. Семиргендердин денесинде мала кызыл узун тактар көбөйөт. Айрыкча белгилеп кетчү семиздиктин түрү липоматоз (Деркум оорусу)менен жабыркаганда денеде май шишиктер пайда болот. Дабагерлер басып көргөндө май шишиктеринин ооруганы байкалат.

1-2-даражадагы семиздикте адамдын бир аз алы кетип, ныксырып, уйкусу көбөйүп,  маанайы чөгүп, кыжырлана баштайт. Кээ бир убакта көңүлү айнып, оозу ачуу даамданат. Бели ооруп, буту шишип, муундарындагы кыймыл мурдагыдай болбой калат. Чоң салмактан  муундарга күч келип, өзгөчө бут муундары ооруйт.

Ал эми гипоталамикалык семирүүдө адамдын табити ачылып, өзгөчө түштөн кийин тамакты көп жей баштайт. Курсагынын ачканы айрыкча түнкүсүн билинип, суусай берет. Аялдарда болсо, айыздык цикли бузулуп, төрөбөстүккө туштугат. Эркектердин сексуалдык мүмкүнчүлүгү азаят.

Мындайда дабагерлер  кан басымын системалык түрдө өлчөп, кандагы глюкозанын абалын көзөмөлгө алууга тийиш.

Балдардын семиздиги

 ÐšÐ°Ñ€Ñ‚инки по запросу толстый мальчик кушает

Бул көбүнчө тукум куучулук касиетке ээ. Айрым убакта балдар 1 жашка чейин, кээде 10-15 жаштарында семиздикке кабылат. Мындайда биринчи кезекте балдардын жеп-ичкенине, конституциялык абалына көңүл буруу зарыл.  Балдарды ашыкча тамактандыруу семизикке алып келет, ошондуктан балдарды рационалдуу тамактандыруу керек.

Дабагерлердин байкоосунда кыздар толугураак болуп төрөлөт. Жаш менен катар мындай абал семиздикти пайда кылат. Ал эми 10-15 жаштагы балдардын толуктугу өспүрүмдүк өзгөрүүгө туштугуп, диэнцефалдык бузулууну пайда кылат. Мындай учурда мээнин ичиндеги басым көбөйүп, кээ-кезде кан тамырдагы басымдын  жогорулаганын байкайбыз. Невролог-дабагерлерге семирип кеткен  балдар-кыздардын башы ооруйт деп ата-энесинин кайрылганы көп эле кездешет. Ал эми   балдардын гипоталамикалык семиздиги баш-мээ травмасында, нейроинфекциядан пайда болот.

Семиздикти аныктап билүү өтө эле кыйынчылыкты туудурбайт. Ал үчүн адамдын боюнун узундугун жана салмагын  билүүгө тийишпиз. Ал эми эндокриндик бузулууга учураган семиздикте лабораториялык жана аппараттык изилдөөлөр талап кылынат.

Семиздикти дарылоо

 Врачтын көзөмөлүндө комплексттүү түрдө жүргүзүлүшү керек. Диета кармоо ыкмасы эч качан ачкачылык менен коштолбоого тийиш. Диета көбүнчөсүн жеңил түрүндө, белокко, витаминге, микроэлементтерге бай тамак-аш болуп, май-затын азайтуу менен коштолот. Табитти азайтуу үчүн тамак ичүү күнүнө 5-6 жолкудан, аз-аздан ичилүүгө тийиш. Эч качан алкоголдук ичимдик, анын ичинен пиво ичүү сунушталбайт.

Азыркы мезгилде кеңири рекламаланып жүргөн чай чөптөрү, биологиялык активдүү заттар пайдаланылбоого тийиш. Анткени алардын таасири убактылуу гана болуп, организмди ууландырышы мүмкүн. Ар бир адам арыктайм дегенде биринчи кезекте ден соолугунун бузулбашын ойлошу керек.

алтын ийне

Алиментардык семиздикти дарылоо диета менен коштолуп, рационалдуу түрдө болууга тийиш. Мындайда психотерапия ыкмасынын, анын ичинен биз колдонуп жүргөн акупунктуралык – “алтын ийне” сайып, рационалдык психотерапия жүргүзүү өзүнүн оң натыйжасын берип келатат.

Биринчи кезекте табитти азайтуу, адамдын денесиндеги ашыкча май кыртышын пайдаланып, автономдук тамактандырууга өткөрүү, май-зат алмашуусун жакшыртуу, акупунктуралык психотерапиянын негизи болуп эсептелет. Организмдеги суюктукту азайтуу үчүн сууну өзгөчө үнөмдөп ичүү сунушталат. Анткени организмдеги клетканын 70-80%ин суу түзөт. Он күндүк өзгөчө диетага капуста, сабиз, бадыраң, помидор менен катар сууну кескин кыскартуу сунушталат. Биздин көп жылдык тажрыйбабыздан билингендей, мындай дарылануу адамды 10 күндө 10 килограммга чейин арыктатып, натыйжасы ишенимдүү.

Ал эми сууну көп ичирип дарылоо талапка ылайыксыз. Негизинен арыктоо үчүн дарылоо көнүгүүсү, ич булчуңдарынын чыңдоочу көнүгүүлөр, сууга сүзүү, чуркоо, көбүрөөк кыймыл, физкультура-спорт ыкмаларын кеңири колдонуу өзүнүн пайдасын бербей койбойт. Семиздикти дарылоодо тамакты азайтуу аз-аздан болуп,  май каражаттары аз өлчөмдө берилсе, адам көбүрөөк басып, өлчөмүнө жараша рационалдуу тамактанса арыктаары анык. Анын баары жогоруда белгилегендей семиздиктин түрүнө жараша  дабагердин кеңеши менен колдонулушу керек.

Автор: Бекбоев Темирбек, Невролог,  чыгыш медицинасы боюнча адис дабагер

 

 Редакциядан: Белгилей кетсек, Бекбоевдин жеке медициналык борборунда төмөнкү кызматтар көрсөтүлөт:

  • Тамыр кармап, оорунун диагноздору аныкталат;
  • Алтын ийне сайып, лазер терапиясы, мануалдык терапия жана укалоо жолу менен дарылоо жүргүзүлөт;
  • Ички органдардын сезгенишин, нерв ооруларын;
  • Тери жана аллергия ооруларын;
  • Муун жана омуртка ооруларын;
  • Айыкпаган жарааттарды, жыныстык жана башка илдеттерди кадиксиз айыктырат.
  • Мындан сырткары тиш дарылоонун заманбап түрлөрү колдонулат жана гинекологиялык оорулардын бардык түрлөрүнө дарылоо жүргүзүлөт.

Лиц. МК №030529

Дареги: Бишкек шаары, Астрахань көчөсү, 23, Киркомстром району.
Байланыш телефондору: (0312) 45-01-47, 45-01-75, (0779) 30-47-06

 

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here