Бүгүн кээ бир маалыматтык агенттиктерде Туңгуч кичирайонунда көп
кабаттуу үйдөн кыз тулку боюн таштагандыгы тууралуу маалымат тараган.
Аталган маалыматты тактоо максатында ички иштер министрлиги билдирет,
20-февраль күнү болжол менен саат 14:00 чамасында Бишкек шаарынын
Октябрь РИИБге өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы жөнүндө маалымат
келип түшкөн. Туңгуч кичирайонунда белгисиз кыз алты кабаттуу үйдөн
секирүүгө аракет кылып жаткандыгы айтылган. Окуя болгон жерге тез арада
Октябрь РИИБдин кызматкерлери келишкен мезгилде кыз алты кабатуу үйдүн
бир батиринин терезесинен секиргени жаткан. Ал эми батирдин эшиги жабык
болгон. Төмөн жактагы адамдын суранычтарына жана кайрылууларга көңүл
бурган эмес. Милиция кызматкерлери ыкчам чараларды көрүп, килемди
терезенин алдына жайып кармашкан. Ал эми ӨКМдин кызматкерлери эшикти
ачышып, кыз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөнү менен аларды укпай
терезеден секирип кеткен. Ылдый жакта турган милиция кызматкери кызды
куткарып алууга үлгүрүшкөн. Кыздын өздүгү такталып, ушул жылдын май
айында 18 жашка толот. Видео шилтемеде:

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here