Расмий статистика боюнча Кыргызстандан башка мамлекеттерге мигрант болуп  кетишкен кыргыздардын саны 800 миңден ашат. Бирок иш жүзүндө жалпы мигранттардын саны миллиондон эчак ашып кеткен. Маалымат катары айта кетсек, Орусияда мыйзамдуу иштеп жүрөт делген мекендештерибиздин саны 650 миңге чейин болсо, Казакстанда 35 миң, Түркияда 30 миң, Түштүк Кореяда 14 миӊ, ал эми 20 миңден ашууну Европа мамлекеттери менен АКШда. Ошентип, кыргыздар төгөрөктүн төрт бурчуна болушунча тарап жаткан чагы. Биздин дүйнө аралап кеткен жалпы мигранттарыбыздын Кыргызстанга  2, 5 миллиард доллардын тегерегинде акча которуп келишет. 2018-жылы бул көрсөткүч 2 миллиард 685,3 миллион долларга жетти.  Бул каражат Кыргызстандын ИДПсынын 35-36 пайызын түзөт. Бир сөз менен айтканда мигранттар кыргыз экономикасын таптакыр өлтүрүп жибербей, өзгөчө ыкма менен кармап келатышат. Бул көрүнүш мигранттарыбыздын ыйык милдетине айлангандай эле болуп калды. Мунун себеби, өтө түшүнүктүү. Бир сөз  менен айтканда –биздин турмушубуздун муктаждыгы ушундай болуп турат.

Ал эми ошол эле учурда  атка минерлердин баары болбосо да,  көбү мамлекетти сүлүк курттай соруп, чиригенче  байышканын эч ким жокко чыгара албайт. Бул чыркыраган чындык! Жогоруда айткандай мигранттарыбыз ИДПнын 35 пайызын таман акы, маңдай тери менен  кармап келатышса, атың өчкүр, таза иштебеген атка минерлер, ИДПнын ошол эле 35 пайызын жеке кызыкчылыгы үчүн жешет. Эмнеге дегенде, Кыргызстан коррупция деген балекеттен акыркы 20-25-жылдан бери жыл сайын  2 миллиард долларга чейин зыян тартып келатканы байма-бай айтылып келет. 2 миллиард дегенибиз мамлекетибиздин бир жылдык бюджетине жакын сумманы түзөт.  Анан дагы бир жаман көрүнүш  — бул кыргыз байларынын, атка минерлеринин Кыргызстандан сыртка чыгарып кетип жаткан каражаты жыл сайын көбөйүп жатканы болууда. Маселен, 2018-жылы Кыргызстандан чет мамлекеттерге агып кеткен каражаттын көлөмү  542,2 миллион долларды чапчыды.  Бул көрсөткүч  2017-жылга салыштырмалуу 90,3 миллион долларга көп дегенди билдирет. Негизи Кыргызстандан каражат чыгаруу маселеси 2004-2005-жылдары көбүрөөк байкала баштаган. Маселен, бийлик алмашкан жылдарды алсак:  2005-жылы 27 миллион долларга жетсе, 2010-жылы 127 миллиондон ашкан. Бул көрүнүш эмнеден кабар берип жатканын аңдап турсаңыздар керек. Экономикасы өп-чап, “артка тартса арабасы, өйдө тартса өгүзү өлгөн” чабал мамлекеттин чоң каражаты минтип ар кайсы жол менен башка мамлекеттерге жыл өткөн сайын көбөйүү менен чыгып жатканы жакшы көрүнүш эмес. Ушул акчанын басымдуу бөлүгү атка минерлердики. Алар ири көлөмдөгү акчаларды арам жол менен таап, кампадан буудай ташыган келемиштей болуп башка мамлекеттерге ташып жатышат. Маселен, Акаев, Бакиевдерди алалы. Кечээки эле байлыгын көбүн шашылыш сатып, миллиондогон акчасын Америкага кошо алып кеткен Шадиевди айталы. Мамлекет “Кыргызстандан баланча миллион доллар сыртка чыкты” – деп алкан жайып олтура бербей, ошол олчойгон каражаттын ээлери анча акчаны  кандай жол менен табышканын тыкыр иликтеши зарыл. Бирок иликтесе деле биздикилер ишти ириткен да жайы бар. Кантип? Оңой эле ошол атка минерлер кызматынын таасири менен же акчаны күчү менен текшерүүчүлөрдүн оозун басып коюшат.  Бул да өзүнчө “ит өлгөн” маселе болуп калды.  Анан кантип биз оңолобуз? Мен бул маселенин бир эле жолун көрүп турам.  Ар бир адамдын аң сезими түп –тамырынан бери жакшы жагына өзгөрмөйүнчө —  өзү дагы, өлкө дагы өзгөрбөйт, өнүкпөйт! Андыктан, бул маселени ар кимибиз терең ойлонушубуз абзел.

Айбек ШАМШЫКЕЕВ

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here