Премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев буга дейре эч бир өкмөт башчысы ишке ашыра албай койгон «Коопсуз шаар» долбоорун мен ишке киргиздим деп күпүлдөгөнүн уккандар аргасыз баш чайкашууда. Чындыгында эч даярдыксыз, шашылыш борбордун 10 жолунун кесилишине камера орното коюп, «Коопсуз шаар» ишке кирди дегендин өзү абсурд.

М.Абылгазиев

Бул деген жолдон акча сындырып, бюджет толтуруу деген кеп. Дегенибиз, өкмөт башчысы Абулгазиев жол эрежесинен түшчү айып пулдарды 2019-жылдын бюджетине киргизип салыптыр. Мына «Коопсуз шаар» коммерциялык долбоор десе ишенбейсиңер. Бул аз келгенсип, Жогорку Кеңешке кыйратты деп отчет бериш үчүн 2019-жылдын биринчи кварталынын салыгын алдын-ала чогултуп алышыптыр. Белгилей кетсек, 10 жолдун кесилишине орнотулган камералар бир сутканын ичинде 878 миң сомдук 761 эреже бузуу каттаган. Алгач бул сан алда канча көп болчу. Эреже бузгандардын саны 16 миңден ашык экени, айып пул 9 миллиондон ашканы айтылган. Бирок бул сан негедир бир кыйла төмөндөтүлдү.

Ырас, каалайбызбы-каалабайбызбы бизге «Коопсуз шаар» долбоору керек. Азыр санариптешкен кылым. Сөздүн ачык маанисинде биз карапайым адамдар үчүн да Өкмөт үчүн да маанилүүсү «Коопсуз шаар» долбоорунан түшчү айып каражаттары эмес, ириде адамдардын мамлекеттин коопсуздугу биринчи болуш керек. Маселе башкада. Бир канча жылдан бери чуру-чуу түшүп жатып кабыл алган «Коопсуз шаар» долбоорубуз жакын арада ТЭЦ сыяктуу чоң чуу жаратпаса болду. Анткени азыртадан эле коомчулукта сатылып алынган техникалык каражаттардын баасы боюнча көп маселе айтыла баштады. Бул биринчиси. Экинчиден борбор шаардын төрт жерине, төрт кеслишке видео байкоо койгон менен маселе чечилип кетпейт. Ууру кески, киши өлтүргүч, зордуктагыч, мас айдоочу борбордун Совет – Бөкөнбаев, Жибек Жолу – Совет көчөсүндө жүрбөйт. Демек азыркы өкмөттүн төрт видео камера коюп, «Коопсуз шаарды» киргизип салдык дегенине сүйүнүү али эрте. Орой айтканда бул элдин көзүн будамайлоо болуп саналат.

Булак:фабула.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here