Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Нурматов Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын сатууну сунуш кылууда. Анын жүйөсү боюнча спорт сарайынын эскилиги жетип, ар кандай иш-чара өткөрүүгө шарты туура келбей калды. Депутаттын айтымында, борбордук футбол стадионунун ордуна жаңы спорт сарайы салынышы керек. Ал эми футболдук стадионду шаардын чекесине чыгарган оң. Коомчулукта депутаттар сат дегенден башканы билишпейби деген сындар арбын айтылды. Чындыгында мындай сунуштан кийин Адахан Мадумаровдун «Парламентте базаркомдор отурат» — деген сөзү эске түшөт.

Булак:Фабула

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here