Свердлов районунун акими болуп жакында эле дайындалган Мурат Осмонов аталган райондогу мектептердин директорлору менен жолугуп, алардан өзүнө белек бербешин суранды. Себеби, директорлор ал аким болгондо миң сомдон чогултуп, баалуу белек бергени жатканы боюнча кабарды угуп калган. Айласы кеткен аким өзү ток адам экенин, белектерге муктаж эмес экенин айтып чыкты. Бирок  анткен менен “ток” аким болбой эле   директорлордон  5500 сомго  иш столуна коё турган керектүү буюмду белек катары алган. Ал белекти акимчиликтин балансына өткөргөнүн белгиледи.  Бул эми эчактан бери канга сиңип калган көрүнүш. Бул маселени бир аким эле жокко чыгарып коё албайт. Ошентсе да, мындай “майлап-сүттөмөйлөр” ачык айтылып турса жакшы болоор эле.

Булак:Багыт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here