Бүгүн Жогорку Кеңеште Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси да учкай талкууланды. Бул маанилүү маселе боюнча өкмөткө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитетинин  төрагасынын орун басары Айтмамат Кадырбаев тиешелүү жоопторду берген. Мына ушул маалыматты айрым маалымат каражаттары  тактабай эле:  «Айтмамат Кадырбаев Камабар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси боюнча Ташкентке учуп кетти»- деген кыязда жазып чыгышты. Биз бул маселе боюнча Айтмамат мырзанын өзүнө байланышканыбызда, ал бул маалыматка төмөнкүдөй тактоо киргизди:

-Мен эми Ташкентке учуруп жиберишиптир. Бул туура эмес маалымат. Иш ордумда эле олтурам.  Бул маселе боюнча биз тараптан жумушчу топ түзүлүп, учурда иликтеп жатышат. Иликтеп бүткөндөн кийин биз карап көрөбүз. Азырынча  бул маселе ушул эле деңгээлде иш жүрүп жатат. Биз өзүбүздүн ички тиешелүү иштерибиз бүткөндөн кийин, жагдайга карап Ташкентке барып келишибиз мүмкүн, же  алар бизге келиши мүмкүн…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here