Биздин кенедей мамлекет ырыс-кешигинин баардыгын коррупционерлерге  алдырып турганы. Ал эми коорупция дегениӊ бүтүндөй кызматкерлерди тегиз басты. Бүтүндөй журтка белгилүү эмеспи, ушул тапта таза иштеген бир дагы, ооба, бир дагы чиновникти таппайсыӊ. Алардын бардыгы чоӊ же кичине коррупциялык ишке аралашып калган.  «Коррупцияга каршы катуу күрөш ачабыз, ачып жатабыз, коррупционерлер элдин арасында жашоого, элдин арасында басууга болбой тургандай абал түзөбүз» дегенди президент Сооронбай Жээнбековдон баштап айыл өкмөт башчысына чейин какшап, анан эле жыйынтык болбой жатат. Кайдан болмок эле, биздеги коррурционер кармалса, бержакта миӊи турат го кебелбей…  Муну баарыбыз билебиз, бирок, коррупцияны кантип жок кылууну билбейбиз…

Коррупция дегениӊ бизге эркиндик менен кенен келди. Ошол күндөн көбөйүп олтуруп, мына, бүгүнкү күнү анын тебелендисинде калдык!

Бир кезде коррупцияга алы жетпей Акаев дегениӊ Манас бабабыздын арбагын жардамга чакырды эле… Азыркы бийлик «коррупционерлерди айтып бергиле» деп элди «стукач» кылуу аракетинде…

Ооба, ашынган коррупционерлер кармалып жатат, кармала тургандары мамлекетибизди таштай качып кетип жатат. Ал желмогуздар небактан эле акчасын чет өлкөлердүн банктарына которуп коюшат экен.

Эӊ көп акча каражатын мамлекеттен чыгарып кеткендердин катарында Акаевдер  менен Бакиевдер болду. Албетте, алар өлкөдөн чыгарып кеткен каражаттын так саны жок, бирок, божомол менен айсак, бул эки бүлөнүн желмогуздары 2 миллиардан ашык доллардан алып кетишкен. Ооба, экөөнүкүн кошкодо 5 миллиард чамасында болуп жатпайбы. Иши кылып бу эки бүлө мамлекетибиздин бүтүндөй ырыс-кешигин алып кетишкен экен.

Алчусун алып Ата Мекенин таштап кеткендердин бири дагы жазасын ала элек. Кара башын жеген качкындардын тизмеси мына:  Аскар Акаев, Майрам Акаева, Айдар Акаев, Бермет Акаева, Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Акмат Бакиев, Марат Бакиев, Максим Бакиев, Данияр Үсөнов, Нурлан Сулайманов, Арстанбек Ногоев, Канатбек Исаев, Аскарбек Шадиев. Бажынын коррупционер башчысы Адамкул Жунусовду кармап келишти. Ошол качкындардын жеп кеткен акчаларын куздурса эле  миллиарддаган карызыбыздан сонун кутулуп албайт белек?! Эми болсо, ошолордун  жыргаган турмушуна суктанып коюп карап олтурабыз. Арыбыз жокпу, ыя?!

Батыштагылар бизде эркиндик-теӊдик бар, демакратия бар дешет. Анан ошол демократиясы өлкөсүн жеп-жутуп кеткен немелерди коргоп алып жатканы кандай?!  Демократиясынын күчтүүлүгүнөн  ууру-кесилерди коргоп алып жатабы?!

Батышты кой, өзүбүздүн эле далай жыл бир тууган болуп СССРге биригип жашап жүргөн өлкөлөр биздин кылмышкерлерди бербей жүрбйбү. Болуптур Кыргызстан менен Англиянын, АКШнын ортосунда  кылмышкерлерди бири-бирине өткөрүп берүү жөнүндө келишим жок экен, ал эми Белоруссия менен Казакстан өлкөлөрү менен андай келишим бар го, ал тургай баарыбыз Евразиялык биримдиктебиз да…

Бизден эбегейсиз акчаны алып качкан, элин аттырган канкор Курманбек Бакиевди Лукашенко канатына калкалап жүрөт го. Бул деген биздин мамлекетти уруп ойнобогону эмеспи?!  Биздин мамлекеттин чабалдыгынан Лукашенко ошентип Бакиевди өзүндөй эле кутуртуп олтурат. Эгерде биздин мамлекет да Израиль сыктуу тыӊ мамлекет болгондо Бакиевдер небак соттолуп тынмак, алганын кайтарып тынмак! Казакстан да Данияр Үсөнов ошол жакта жашап жүргөндө аны берген эмес. Эми Үсөновуӊ башка ат менен бул жерден жеп кеткен акчаларын адалдап Белоруссияда бизнесин жасап жүрөт дейт! Аларды өлкөгө алып келип жооп бердирүүнүн түрдүү жолдорун ойлонбой бийлигибиз олтурат, улам бирин качырып жиберип…

Дагы айтабыз, жанагы качып кеткендердин бардыгы  жыргал турмуш сүрүп жашап жатат. Анысы бар. Бирок, Мекенинен безип, алар деле адам, киндик каны тамган жерин көрүүгө зар болуп,  чаӊын кечип ойногон айылын, көк шиберге чулганган тоосун, аска -зоолорун…,  тууган-туушкандарын , досторун сагынып… анан да туулган жеринен бир ууч топурак букюрбай турганын эстеп…  көргөн күнү деле курусун… «Ит көрдү» турмуш да.

…Ойду ким токтотот. Бир ойго кирип алсаӊ, атаӊкөрү, кетти ооз тарттырбай… Жанагы мамлекетин жарылганча жеп, анан эл-жерин өлгөндөй сагынып жүргөн шүмшүктөр жөнүндө ойлойм. Атаганат, кыргыздын өрт жигиттеринен бирде-жарымы чыгып, жерин жер, элин эл дебеген шүмшүктөрдү бирден «терип» келсе! Америкадагысын Америкада, Белоруссиядагын Белоруссияда  жайласа!  Мыйзам чегинде ишке ашпачу нерсени, ушинтип мыйзамсыз эле бүтүрүп койсо деп ойлойм. .. Ой дегениӊ ой бойдон калат тура… анан улана берет экен, аттиӊ, биздин атайын кызмат да Израилдин «Моссадындай» болгондо эмне, Акаев менен Бакиевди мойнунан байлап жетелеп келмек…

Баратбай Аракеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here