Москвада жолдун четиндеги адамдарды кокусунан койдуруп алган таксист Чыңгыз Анарбек уулу эркиндикке чыгып, туугандары, жакындары менен жолуккан учурдун видеосун «Замандаш» коомдук фондусунун төрагасы Жеңишбек Молдокматов  жүктөгөн.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын 16-июнунда кыргызстандык таксист Чыңгыз Анарбек уулу Москванын чок ортосунда жол четиндеги 8 адамды койдуруп кетип, алар жаракат алып, бирок каза болгон эмес.
8-февралда Смоленск облустук соту аны мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарууга өкүм кылды. Мыйзам боюнча ал дагы 10 күн кармалып, 19-февраль күнү абактан эркиндикке чыкты.
Чынгыз Анарбек уулу камалгандан бери «Замандаш» партиясынын төрагасы Жеңишбек Молдокматов колдоо көрсөтүп келет.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here