Бишкекте “опузалап акча талап кылган” деген шек менен чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Окуя 15-февралда болгон.

Маалыматта КМШ өлкөлөрүнүн биринин жараны 3 миң доллар өлчөмүндө акча алып жаткан учурда колго түшүрүлгөнү айтылат.

“Такталгандай, кармалган адам уюшулган кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болгондугун айтып опузалап, ишкерден 10 миң АКШ долларын талап кылган” деп билдирди УКМКнын басма сөз кызматы.

Кылмышка шектүү адам Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына эки айга камалды.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here