Жогорку Кеңештин депутаты, белгилүү меценат Абтандил Кулбараков  узак жылдардан бери карйымдуулук иштерин кеңири жүргүзүп келет. Ал буга чейин карапайым калктын  ичиндеги  жардамга муктаж аярлуу катмарга абдан көп жардам берди. Андан тышкары, бир катар райондордо чечилбей келаткан айрым социалдык маселелерди да чечүүгө активдүү жардам көрсөтүп келет. Эл сыйлаган эл өкүлү бул ирет Бишкектеги Карылар үйлөрүнө барып, карылардын ахыбалын сурады. Кур кол барбай,  аларга эки жылкы  союдуруп, сый тамак берип, андан тышкары акчалай да жардам көрсөттү. Чынында бизде байлар абдан эле көп. Мына ошолор Кулбараковдон үлгү алып, кайрымдуулук маселесине жардам берип турушу зарыл. Депутат калктын аялуу катмарына жарадм берүү маселеси боюнча буларды айтты:

-Тагдырдын ар кандай сыноосуна кабылып, карылар үйүндɵ күн кечирип жаткан карыларыбызга жалпыбыз менен кол суналы…

Ɵткɵн ишемби, 16-февраль күнү борборкалаадагы карылар үйүнɵн кабар алдым. “Карылар үйү” деп айтылган жɵнɵкɵй эле эки ооз сɵздүн тереңинде эмне деген муң, эмне деген кайгы чулганып жатканын сезбейт турбайбызбы. А ɵз кɵзүң менен кɵргɵндɵ таптакыр башка сезим…

Жүрɵк эзилип, жүлүн зыркырады. Турмуштун оош-кыйышынан ɵйдɵ-тɵмɵн калчалып, “тагдыр” деген “тасманын” ар кандай “каарманы” болуп, жыйынтыгында карылар үйүнɵн башпаанек тапкан карыларды кɵрүп жан дүйнɵм эңшерилди. Чачтарын бубак баскан ата-апалардын муңайым жүздɵрү, кимдир бирɵɵгɵ таарынган таарыныч, кусалык менен караган үмүттүү кɵз караштары азыр да кɵз алдымдан кетпей жүрɵт.

Айрымдары менен баарлашып, ой бɵлүштүм. Каңырыгым түтɵдү. Алар камкордукка, жылуу сɵзгɵ, анан да чын жүрɵктɵн чыккан жылуу мамлеге ар дайым муктаж экенин билип турсам дагы, алардын кɵңүлүн жубаткан жылуу сɵз таппай ызага муундум. Аталган тармактын жетекчиси Эркингүл Курманалиевнанын карыларга жасап жаткан камкордугун, мамилесин кɵрүп кубандым.

Ар бирине ɵзгɵчɵ аяр мамиле жасап, жашоочулардын шартын жакшыртуу менен алек экен. Мен да кур кол барбай, бир аз каржылык жардам менен кошо эки кунан чыкма алып барып союп бердим. Кыргыздын мен-мендеген бычакка сап жигиттери арбын эмеспи. Ар кимибиз колубуздан келген жардамды берип, карылардын батасын алып турсак деген демилгени кɵтɵргүм келди. Кайдыгер карабаган эр-азаматтар кол кабыш кылат деген ишеничтемин…

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here