Улуу Британияда 18 жаштагы студент Эбони Стивенсон башы ооруп уктап калып, эртеси эне болуп ойгонду. Бул тууралуу Manchester Evening News басылмасы жазды.

Башы чыдатпай ооруп, аягында эсин жоготуп жыгылган кыздын апасы тез жардам чакырткан. Келген дарыгерлер кызды «кош бойлуу эмеспи» деп сураганда апасы таң калган.

Ооруканага тез арада жеткирилген студентти текшерүүдөн өткөргөн соң дарыгерлер аны препараттардын жардамы менен комага түшүрүп, андан соң кесарева жолу менен төрөтүп алышкан.

«Бул өтө сейрек кездешүүчү көрүнүш. Мында аялдын кош жатыны болуп, бири далы жагында жайгашат. Дал ошол жатында түйүлдүк билинбей чоңоюп, экинчи орган кадимки функциясын аткара берет. Жада калса этек кири дагы кадимкидей келип турат», — деп түшүндүргөн дарыгерлер.

Эбони ойгонуп, кызын көргөндө алгач шок абалында болгон. Кийин жүрөгү жылып, ооруканадан чыгып баратканда чексиз бактылуу экенин айткан.

Булак:Спутник.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here