-Таалай мырза, сиз мындан 4 жыл мурда Түптөгү Михайловка айылына 27 күн айыл өкмөт башчы болуп иштеп, кызматтан кетип калыпсыз. Ага эмне себеп болду эле?

-Мен чындыгында, айлымды оңдоюн деп, айылдаштарымдын суроосу боюнча кызматка баргам. Бирок, биздин системадан 27 күндүн ичинде жүрөгүм айланды. Бул системада айыл өкмөт башчы айылдын өнүгүшү үчүн эркин ой жүгүртүп, жакшы жемиштерди алуу максатта каражатты эффективдүү колдоно албайт экен. Азыркы системада айыл өкмөт башчылардын колу-бутун байлап, ооздорун басып, «иштегиле» деп кое берет экен. Буту-колуң байлануу болсо, кантип иштейсиң? Бул жакта эл кыйкырса, башка тарапта бийлик кыйкырып атат, элестетсең. Жоопкерчиликтин баары айыл өкмөттүн мойнуна жүктөлүп, бирок, аларга эч кандай эрк берилбейт экен. Башкалардын жеп-ичкени үчүн жооп беришиң да ыктымал.

Мен эгер ошол боюнча иштей берсем, балким, түрмөдө олтурмакмын. Эгерде, азыркы мыйзамдар менен чындап текшере келсе, көп айыл өкмөттөр камалып калат. Депутаттар бюджетти карап берип коюп, акчаны контролдоп олтура берет. Бирок, айыл өкмөт башчы иштегенге көп тоскоолдуктар бар. Маселен, Михайловка айылынын мончосуна 3 жолу каражат салынган. Бирок, курулушчулар ишти аягына чейин бүтүшкөн жок. Себеби, учурда тендерлердин өтүшү кызык. Курулуш жакшы салынсын деп, жакшы эсептеп чыгып, сапаттуурак бүтүрчү компанияга ишеним берсең, мыйзам бузган болосуң. Анткени, сен эң төмөнкү каражат менен бүтүрчүсүн тандашың керек. Ал болсо, кийин төмөн баа менен эптеп бир иш жасайт, кээси акырына чейин бүтүрбөй да калат. Себеби, баарына кичинеден пара берип, анан калган суммага материал алып, чоң жумуш жасашың кажет. Жумушчуларга да акысын төлөгөндү унутпа. Ошентип, баткакка малынасың. Акчаны кармап олтургандар сага чейин эле өз ара сүйлөшүп алат. Анан текшергендер көп, бул жактан финполиция, тиги жактан прокуратура, дагы башкалар бар. Бул система кишинин түбүнө жетет. Аны кечиктирбей өзгөртүш керек.  Туура иш кылсаң, мыйзамсыз жасаган болосуң. Ошондуктан азыр айыл өкмөт башчылардын көбү «андан көрө эч нерсе кылбай олтура берейинчи» деген адатка түшүп алышкан.

-Сиздин кызматтан кетүүңүзгө түрткү болгон акыркы тамчы эмне болду?

-Айыл чарба министрлигине малдын санын бериш керек дегенинен бир жума мал санаттым. Болушунча так берейин дедим. Анан статист кыз мага: «Бул маалыматты бергенге болбойт, малдын санын көбөйтүп жазгыла деп айтат, көрөсүз», -деп калды. Мен «Бир жумуртка кошсоңор, таарынбагыла» дедим. Эртеси аким мени чакыртып ийиптир. Ал кезде Ишен деген адам эле. Ал мага «Бул маалыматты эки эсе көбөйтүңүз» деди. «Жок, болбойт» дедим, ал мага «Жок дегенде бир эсе» деди. «Мен аны кайдан табам?» десем, ручканын башы менен дейт. «Мен андай калпты айта албайм» дедим. Ал: «Анда экөөбүз иштеше албайт экенбиз. Сиз бизидин Түптү артка тартып атасыз, анда арызыңызды жазыңыз» деди. Ал эми, Түп 90 –жылдарда эле артта калып калган. Мен бул жумуштан ансыз да кетмекмин. Арызды жаздым да кете бердим.

-Сиз эл берген ишеничти актап, акырына чейин иштесеңиз болот беле?

-Бул бүтүндөй бир система. Ага каршы чыгуу мүмкүн эмес. Аны сындырыш керек. Мыйзам менен. Бул система кайсы бир адамдардын кызыкчылыгы үчүн түзүлгөн. Ал системада соодагерлер, алдамчылар, текшерүүчү мекемелер мамлекетти жегенге шарт түзүлгөн.

Мен Караколго эң биринчилерден болуп ОсОО «Аяз» деп ачкам. Канализацияларды оңдоо иштерин уюштуруп, мебель, терезелерди биринчилерден болуп алып келгем.  Бир жолу ошол жумуштар боюнча Каракол шаарында тендерге катышайын десем, «тигиге акча бересиң, буга акча бересиң» деп санай башташты. Аларга бериш үчүн мен акча жешим керек эле. Ошондо, «Жок, айланайындар, мен антип акча уурдай албайм» дегем.

Азыркы система менен айыл өкмөт башчылары керектүү маалда каражатты пайдалуу жумушка колдоно албайт.  Лимити бүтүп калды деп, жаңы жыл алдында суукта мектептин электр энегиясын өчүргүлө дейт. Балдар үшүп олтурса, мен айыл өкмөт башчы болуп кайсы арыма иштеп жүрөм? Азыркы система айыл өкмөт башчыга ишенбей, мошенниктерге «Мына, айыл өкмөттүн акчасын колдон» деп укук берип койгон. Угуп атам, фонддо өткөн тендерлерге кол койбой койсо, «кийин акча бербей коебуз» деп коркутат экен. Ушул кантип болсун!

Мен «Победа» деген миллионер колхоздо өскөм. Бир кезде Москвада ал колхоздун аты жазылган доска бар болчу. Ошол айылда өсүп, ошол системанын табиясын алгам. Колхоз тарап атканда, 24-25 жашымда Тургуналиев, Дырылдаев менен бирге чарбалардын тарашына каршы чыккам. Ошондо чарбаларды сактап калыш керек болчу. Эми, болуптур баары бүттү. Бирок, кийинки жолубузду оңдошубуз керек. Кооперативдерди түзүп, чарбаларды ийрилештирү кажет. Мен бул тармакта көп ойлорум бар. Бирок, мени ким угат?

-Сиз 2010-жылы революциядан кийин тынчтыкты сактаганга чоң салым кошконсуз. Бир кездеги облус башчысы Мирбек Аскеровичке дагы кеңешчи болуп жүрдүңүз. Демек, революция өз максатына жетпептир да?

-Мен революция болгондон кийин чындык келет деп ойлогом. Бирок, андай болгон жок. Бийликке мурдагы эле кир адамдар келип алды. Саятсатчылар көп, иш менен алпурушкан адам аз. Ал эми мамлекеттин чарбасы талкаланып жатат. Бей-бечаралардын саны өсүүдө. Мурда жок дегенде ынтымак бар болчу. Азыр ал да жок, ар ким өзү менен өзү алек болуп жатат. Биз азыр шуулдаган бойдон ылдыйлап баратабыз. Минтип кете берсек, көрөсүң, кандай «талп» деп жерге түшөбүз. Мен мамлекетиме пайда алып келгим келет. Бирок, менин тийгизген пайдам деңизге түкүрүгүндөй да болбойт. Азыр мамлекетке чоң зыян алып келгендер көп. Антип оңоло албайбыз. Жашоого көп закон керекпи? Уурдаба, калп айтпа, сөзүңө тур, ичиңе кир сактаба, кайыр сураба, бирөөнүн эмгегин жебе, жылуу сөз айт, батаңды бер. Адамдын ичиңде кир болбош керек, калп айтпаш керек. Мен революция болгондон кийин жетине албай жетим-жесирлерге ун, чай-май тараттым. Эртеси уксам, революция убагында түшкөн пайдасынан таратты деп айтышыптыр. Мына, биздин ой жүгүртүү.

-Сиздин оюңузча, чындыкты кантип алып келебиз?

-Жазалоо менен гана. Ар бирибиз кылган ишибиз, сүйлөгөн сөзүбүз үчүн жооп беришибиз кажет. Чындык өкүм сүрсүн. Ар бирибиз өз ордубузду табалы. Эркек өз ордун, аял өз, ата, эне, кыз, келин жана башка. Азыр биз баарыбыз аралашып кеттик. Баарыбыз саясатчы болуп алдык. Нан табыш эмне деген азап? Жер айдап, буудай сээп, сугарып, 4-5 айлап күткөндөн кийин гана нан болот. Кээ бир чиновниктер ошону билбейт, нанды жөн эле терип алчудай сезишет. Майда кылмышкерлерди камабай, коомдук иштерге жумшап, уяткарып коюу жетиштүү. Биздин элде жазылбаган мыйзам бар. Биз кыргызбыз.

Азыр ар ким эле кыйын болгусу келет, бирок жоопкерчиликти мойнуна алган бир адам жок. Баарыбыз трибунага чыгып алдык, ким иштейт? Биз азыр мамлекеттин бүтүндүгүн сактап, аны байытууну ойлошубуз зарыл. Мына, жеке мен байып алдым. Эмне, эл жыргап кеттиби? Биз биринчи мамлекетти байытсак, биздин балдар, неберелер бай болот.

Маектешкен: Жумагүл БАРКТАБАСОВА

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here