Чүй облусунун Сокулук райондук аймактык ооруканага 8 жаштагы А.Ш. аттуу кызды алып келишти.

Күбөлөрдүн айтымында, кыздын башы биттеп, кийимдери кир, жүдөгөн абалда келген.

«Кыздын нервдери да ооруйт окшойт. Ал аябай жүдөгөн жана кийимдери кир экен. 8 жашта болгонуна карабай жакшы сүйлөй албайт экен. Бир нерседен коркуп калганын да байкадык. Баарынан да башы биттеп кеткенин көрүп аябай боорубуз ооруп, ар кимибиз үйдөгү балдарыбыздын кийилбей калган кийимдерин алдыртып бердик», — деп билдиришти күбөлөр.

Ал эми Сокулук райондук аймактык ооруканасынан билдиришкендей, кыз аябай түнт жана акыл-эсин жоготуп жатат.

«Райондук социалдык кызматкерлер бизге алып келишкен. Алар кыздын тагдырын чечкиче бизде жатып турат. Кыз өзү түнт жана акыл-эсин жоготуп, апасын тааныбай калып жатат», — дешти алар.

Ал эми Сокулук райондук мамлекеттик администрация жетекчисинин орун басары Токтобүбү Ракимбаева бул кыз көптөн бери өспүрүмдөрдү караган комиссиянын көзөмөлүндө болгондугун айтты.

«Атасы каза болуп калган. Апасы жакшынакай эле киши болчу. Кургак учук оорусуна чалдыккан эне ичимдикке берилип кетти. Арак болсо эле шатыра-шатман, жыргап жүрө берген адат таап алган экен. Бул кыздын улуу байкеси да бар. Ал мектептке окуйт. Ал эми кыз али мектепке бара элек. Ал чынында жүдөп, каралбай калыптыр. Эпилепсиясы да бар экен. Апасынын сүрөтүн көрсөтсөк кээде тааныбай, акыл-эсин да жоготуп коюп жатат.

Азыр атайын ушундай балдар жата турчу мектептерге жаткыруу маселеси каралууда. Ал эми апасынын ичимдигин таштатууга да жардам кылып, бир айылдагы табып байкеге кайрылганы жатабыз. Ал көп кишини дарылады. Азыр ал биринчи аялды көрөйүн, дарылоого мүмкүн болсо дарылайм деп жатат», — деди акимдин орун басары.
http://www.turmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here