Жалал-Абад облусунун Аксы райондук соту ушул жылдын 13-февралындагы отурумунда өспүрүм кызды зордуктоого аракет кылган шектүүнүн ишин карап чыгып, ага карата чечим чыгарды.

Айыпталуучу — Аксы районунун Авлетим айылында 1991-жылы туулган Жапар (Ы.у.Ж. аты өзгөртүлдү), билими орто, үй-бүлөлүү, үч баланын атасы, убактылуу иштебейт.

2018-жылдын 22-августунда Аксы райондук соту тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесинин 3-бөлүмүнүн 2-пункту (бейбашчылык) менен күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 63-беренесинин (шарттуу соттоо) негизинде 1 жыл сыноо мөөнөтү белгиленген. 2018-жылдын 23-сентябрынан бери камакта. Ага КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен айып тагылган.

Соттун токтомундагы маалыматка караганда, Жапар 2018-жылдын 22-сентябрында саат 18:00 чамасында Аксы районунун Авлетим айыл аймагындагы үйүндө бир тууган агасы — Азаматтын (С.А., аты өзгөртүлдү) 2011-жылы туулган кызы Сайкалга (И.С., аты өзгөртүлдү) карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого аракет кылган. Ошол учурда өзүнүн аялы Анара (А.Т., аты өзгөртүлдү) жана кызы келип калгандыктан, ал жогорудагы кылмыштуу аракетин аягына чыгара албай калган.

Соттук отурумда соттолуучу Жапар күнөөсүн мойнуна албай, 2018-жылдын 22-сентябрь күнү саат 15:00 чамасында үйгө мас абалда келгенин, ал убакытта аялы балдары жана кошуна болуп жашаган бир тууган агасынын кызы Сайкал кайналы терип жатышканын айткан. Ошол учурда ал үйгө кирип, терезеден башын чыгарып, аялы Анарага: «чай берип койчу» деп кыйкырган. Аялы кызы Гүлзат менен агасынын кызы Сайкалга «суу кайнап жатат, ошону демдеп берип койгула» дегенинен бир тууган агасынын кызы Сайкал чайнекти көтөрүп келген. Ошондо ал Сайкалды жанына отургузуп сүйлөшүп жаткан. Андан кийин бетинен ооп кучактаганын, аны «карындашым» деп эркелетип жатканда аялы Анара үйгө кирип келип: «Сен эмне жаман ойго барып, Сайкалды кучактап алгансың? Жеңемдерге айтам» деп кетип калганын билдирген. Андан кийин ал атын минип, көчөгө чыгып кеткен. Караңгы киргенде дүкөнгө бара жатса, милиция кызматкерлери кармап алышканын айтып, соттон жеңил жаза берүүнү суранды.

Жабырлануучу Сайкалдын айтымында, ошол күнү Анара жеңеси «Агаңа чайнекти алып берип койчу» дегенинен, ал макул болуп агасынын бөлмөсүнө кирген. Ал кайра кетип бара жатканда агасы колунан кармап, «жаныма кел» деп тартып, бетинен өөп, эркелеткенин айткан.

Жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү Б.Ж. иш боюнча көрсөтмө берип жатып, 2018-жылдын 22-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында кызы Сайкал кошуна болуп жашаган кайнатасынын үйүнүн короосунда абысыны Анара менен кайналы терип жүргөнүн көргөнүн, арадан 20 мүнөт убакыт өткөн соң кызы келгенин айткан. Анын аркасынан абысыны келип, окуя боюнча айтып бергенин билдирген. Ал эми кызы Сайкалдан «эмне болду?» деп сураса, кызы: «Биринчи жыгып жаткырды. Колу менен оозумду жаап, шымымды чечти, кыйкырайын десем оозумду ачпай койду. Андан кийин жеңем кирип келип калды», — деп айтып бергенин айткан.

Жыйынтыгында тергөө органы тарабынан айыпталуучу Жапардын кылмыштуу аракети КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 4-бөлүмү менен квалификацияланган. Аталган берененин санкциясында жыйырма жылдык мөөнөткө же өмүр бою эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.

Судья сот отурумунда өмүргө же ден соолукка коркунучтуу болбогон зомбулук жасоо менен же аны жабырлануучуга же башка адамдарга колдонуу менен коркутуу же болбосо жабырлануучунун алсыз абалын пайдалануу менен жасалган ыпылас формадагы сексуалдык мүнөздөгү башка аракеттер далилденген жок деп эсептейт. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 70-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пунктуна ылайык, эркиндигинен ажыратуу жазасы беш жылдан жети жыл алты айга чейинки мөөнөткө белгилене тургандыгы көрсөтүлгөн.

Жыйынтыгында айыпталуучу Жапар КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (ыпылас аракет) менен күнөөлүү деп табылып, 5 жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу тууралуу өкүм чыкты. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 79-беренесинин негизинде Аксы райондук сотунун 2018-жылдын 22-августундагы өкүмү боюнча белгиленген жаза жарым-жартылай кошулуп, биротоло 5 жыл 6 айга эркиндигинен ажыратылды.
Булак: .turmush.kg/

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here