Баладан айрылган эненин күйүтүн эч нерсеге салыштырып болбос.Бир эле эне-атасына эмес, бүтүндөй кыргыз элине кызмат кылган булбул кыздан айрылганыбызда көпчүлүктүн кабыргасы кайышкан.“Бөлмөдө Сакендин сүрөтү илинүү.Күндө бетинен сылап турам” деген Жумабүбү апа кызынын баскан жолун ыйлап эскерип отурду.

— Жумабүбү апа, Салтанат эженин шартылдаган ачык-айрым мүнөзү, тыңдыгы кимди тарткан?

— Атасы экөөбүз тең математика мугалимибиз. Бирок атасы көп нерсени билген жана билүүдөн тажабаган адам.Биздин үйдөгү энциклопедиябыз десем болот.Жакында эле мындай окуя болду.Троллейбуска түшкөндө “кийинки аярлама” деп радиотүйүндөн айтып турат эмеспи. Агайыңар “аярлама деген сөз туура эмес, аялдама болот” деп социалдык тармакка жазат.Ал жактан филологдор менен талашып, талкуулап, адистерден сурап аябай убара тартты. Акырында “аялдама” деген туура экен деген чечимге келишиптир. Жакында эле коомдук унаага түшсө “кийинки аялдама” деп оңдолуп калыптыр. “Тактаганыбыз жакшы болуптур” деп сүйүнүп калды. Сакинимде да ушундай мүнөз бар эле. Чындыкты далилдемейин жаны тынчу эмес. Шартылдаган ачык-айрым мүнөзү да атасын тарткан эле.

— Сиздин кайсы сапатыңыз бар эле?

— Кызымдын бардык ишти дароо илип алып “билбейм” дебей кыла бермей жагы бар эле. Анан дайыма камдуу жүрчү. Ушул жактары мага окшош. Турмушка чыкканда ошол адатын карматып кайын журтуна тамаша болуптур. Сакенди көбү шаарда өскөн кыз деп билишет да. Биз шаарда турганыбыз менен үйдө мал кармачубуз. Конок келип кой союлганда ичеги-карын артышып мага жардам берчү. Келин болуп барганда ичеги-карын артса айылдагылар таң калыптыр. Анан идиш жууганга келгенде алдын ала камдап барган фартугун, идиш жууган каражатын алып чыкса келиндер “бул камдуу келген тура” деп көпкө күлүшүптүр. “Ал жакта болбой калышы мүмкүн, керектүү нерсеңди алып ал” деп кеңеш бергем да.

— Жалгыз кыз болгонуна арман кылчу беле?

— Ооба, өмүрүнүн аягына чейин өкүндү болуш керек деп ойлойм. Кичинекей кезинде эркек бир туугандары менен тең жарышып ойноп жүрдү. Кийин уулдарым чоңойгондо өздөрүнчө басып калышты. Майрам күндөрү кетип калышса “мен эмнеге жалгыз калам” деп ызаланып ыйлап да жүрдү. Андайда алаксытып эки жакка ээрчитип чыкчумун. Кийин эс тартканда “апа, мени жалгыз кыз кылып төрөп койгонуңузга таарынычым бар” деди. Жолдош кылып кыз төрөйүн десем 1983-жылкы балам да эркек болуп калды. Кийин бир тууган сиңдим кыздуу болгон. Ошондо Салтанат “мага сиңди, курбу болсун” деп атын Махабат деп өзү койгон болчу. Бирок ал кыз айылда чоңоюп, Сакен шаарда болуп аралыгы алыс бойдон калды.

— Өзүнүн көп балалуу болгусу келчү беле?

— Көп бала төрөгүм келет дечү. Бирок талгагы элден башкача эле да. Биринчи жолкусу боюнан түшүп калган. Кийин Бакытты тогуз ай бою кыйналып жүрүп төрөдү. Өзү ушу талгагынан эле коркчу болуш керек. Кийин Ширинди төрөгөндө дагы удаа төрөгүсү келген. Бирок кызына 11 ай болгондо оорусу тууралуу билбедиби.

— Баарыңыздарга карамдуу, күйүмдүү болчу экен?

— (Үшкүрүп) Бир туугандарынын башын бириктирип, колдоп турчу да.Үч келинине ынтымактуу болгула деп насаат айткандан чарчачу эмес.Атасы экөөбүзгө эки жакка чыкканда кийим, түрдүү белек алып келе бергенинен: “Ой, болду эч нерсе алып келбе. Кийимди кийип жетише албай атам”,-дечүмүн. Бир жолу көлгө эс алганы кеткем. Менин жоктугуман пайдаланып Сакен үйгө келиптир да, бүт кийилбеген кийимдеримди ыргытып, кээ бирин таратып салыптыр. Арасында жаңылары деле бар болчу. Эмнеге анттиң десем “элден артта калбай модалуу кийимдерден кийгиле да” деп моюн бербейт. Дизайнерлерге өзү ээрчитип барып улуттук стилдеги көйнөк, чыптамаларды тиктирип берчү. Бүгүн тойго барам дегенимди угуп калса дароо чалат. “Эмне кийим кийип барасыз?Чачыңызды, тырмагыңызды жасатыңыз! Боёнуңуз” деп баарын көзөмөлдөп турчу. “Кишидей болуп кийинип барсаңар” деген сөзү бар эле.

— Эже “ооруну жеңдим” деп дайыма көтөрүңкү маанайда жүрчү эле. Дарты эмне болуп өөрчүшүп кетти?

— Башында бул аты жаман ооруну билгенде баарыбыз жаман болдук.Бирок кызым “жеңил эле экен, айыгат экенмин” деп бизди жоошутуп койду. Ошо менен туура 5 жыл жакшы жүрдү. Бул аралыкта доктур жазып берген дарыларды ичип атты, химиотерапия алып атты, маал-маалы менен Түркияга барып текшерилип турду. Химиотерапия алганда бир жумадай кусуп, тамак ичкиси келбей калчу. Барайын десем “Нурбек баарын кылып атат, балдарды өзү эле багып атат, сарсанаа болбогула” дечү. Кокусунан барып калсаң кадимкисиндей эле жаркылдап чыга келет. Кыскасы, оорулуу адамдай эмес эле. Акыркы жолу 2017-жылы Түркияга текшерилүүгө барды. Ал жактан “беш жыл бою химия алдыңыз, эми алганга болбойт, нур терапиясына өтүш керек” дешиптир. Андай терапия бергенге өздөрүндө аппарат жок болгондуктан Санкт-Петербургга жолдошуптур. Нурбек экөө кеткен. Ал жактан дарыгерлер эмнегедир “өпкөсүндө метостаз бар экен, биопсия кылабыз” дешет. Кызым доктурлар менен кеңешип биопсияны Бишкектен кылдырмай болушуптур. Негизи биопсияда өпкөсүнөн бир аз эт чымчып алыш керек болчу экен. Биздин дарыгерлер чоңураак кесип алышыптыр. Ошондо катуу кыйналып 15 күн ооруканага жатып калды. Абалы ошондо кескин начарлап кетти.

— Ошо бойдон жакшырган жокпу?

— Ошондон кийин эмне кыларыбызды билбей шалдырай түштүк. Өпкөгө бээнин сүтү жакшы экенин угуп саамалга алып бармай болдук. Эркин (ред. Рыскулбеков) чуркап жүрүп “Байтур” эс алуу борборуна жолдомо алыптыр. Август айында Суусамырга жөнөдүк. Ал жактан сүт ичип, абасы жакшы таасир берди окшойт, оңоло түштү. Ширинди жаныбызга алып алганбыз. Ал сүттү жаман көрөт экен. Сакен: “Кызым, сен сүттү ичсең, мен айыгып кетем”,- деп койду. Башында кыйналып кашык менен ичип жүрдү, кийин ууртап ичип атты, аягында бир кружка ичип калды. “Апаке, сиз айыгып кетиш үчүн мен бул сүттү канча кааласаңыз ичем”,- деген эле. Ошентип ал жактан жакшыраак болуп келдик. Кийин Америкадан жакшы дары чыгыптыр, өпкөнү айыктырат дегенин угуп ошол дарыны ичип калды. Убактылуу жакшы болгон. Бирок дары деген күчтүүлүгүн кылат экен. Өпкөсүн жакшыртканы менен бөйрөгүнө, табарсыгына зыянын тийгизиптир. Доктурлар “химиотерапия кыла албайбыз, операцияны көтөрө албайт” дешти. Ошо менен айлабыз кетип калды.

— Балдары азыр атасы менен элеби? Апасын жоктошобу?

— Атасы экөөбүз бассак-турсак жалгыз кызыбыздын багын тилеп отурчубуз. Кудайга үнүбүз жетип жакшы жерге бүлө болду эле. Күйөө балам Нурбектей жигит чанда кездешет. Сакеним өмүрүнүн акыркы күндөрүндө балдарды ага дайындаган. Азыр эч нерседен кем кылбай багып жатат. Уулу бой жетип калды да, апасы ооруганда кусканын, кыйналганын көрүп бизге көрсөтпөй ыйлап жүрдү, азыр деле ыйлайт. Мүнөзү атасыныкындай токтоо, бирок апасына жакын болчу. Кызы болсо Сакен ооругандан баштап эле атасына ыктап калды. Атасы тамагын берет, жуунтат. Азыр 1-класста окуп атат. Апасынын кеткенин экөө канчалык деңгээлде түшүнүштү билбейм, бирок жаш жүрөктөрү катуу эле жараланды. Көздөрүнөн кусалыктары көрүнүп турат.

— Неберелериңизге бат-баттан барып турасызбы?

— Бир балам ошо күйөө балама жакын жерде жашайт. Келиним кээде тамагын жасап барып турат. Мен болсо шаарда жашаганым менен небере багып үйдөмүн. Бакыт, Ширин менен телефон чалып сүйлөшүп турам, бат-баттан жолугабыз. (Көзү жашылданып) Эмнегедир үйүнө көп деле баргым келбейт. Киргенде эле кызымдын элеси көз алдыма тартылып кыйналам. Сакен кийген кийим, ал кармаган буюм, жаткан жери көзүмө көрүнүп заманам куурулат. Андан көрө алар үйгө келип турганы жакшы. Биздин үйдө кызымдын эки чоң сүрөтү илинип турат. Күндө бетинен сылап коём. Атасы экөөбүз үч маал куран окуйбуз. Эмнегедир түшүмө кире элек. Бир жерден окусам каза болгон адамдын жаны жай алып, көңүлү тынч болсо жакындарынын түшүнө кирбейт экен. Бир нерсени айтууга жетишпей калса түшкө кирет экен. Ушундан улам кызымдын санаасы тынч окшойт деп ойлоп калдым.

Булак: «Lady.kg»

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here