Белгилүү режиссер Айбек Дайырбеков Кыргызстандын Кинематографисттер Союзунун жаңы төрагасы болуп шайланды.  Мындай чечим  аталган уюмдун Бишкекте өткөн 25-съездинде кабыл алынганы маалым болду.

Төрагалык кызматка Дайырбековдон тышкары Марат Сарулу менен  Болот Алимбаев ат салышкан. Алимбаев көп өтпөй талапкерлигин алып койду. Бул союздун 305 мүчөсү бар. Съездге алардын 148и катышты. Сарулу 69, ал эми Дайырбеков 79 добуш алууга жетишти. Кинорежиссер, сценарист жана продюсер Айбек Дайырбеков «Аманат», «Дарак ыры» кино тасмаларын тарткан. Ошондой эле ал Казакстанда да көп жыл эмгектенип, көп сериялуу 7 тасма тарткан. «Ак Илбирс» улуттук кинопремиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири. Ошондой эле балдарга арналган «Карек» кино долбоорунун да негиздеген.

Дайырбеков тарткане кыргыздын биринчи киномюзикли  «Дарак ыры» толук метраждуу фильми бир катар эл аралык сыйлыктарга татыган. Жакында эле ал  абройлуу «Дакка» Эл аралык сыйлыгын жеӊип алган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here