Бул тууралуу маалыматты чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.  Словениянын парламентинин депутаты Дарий Крайчич дүкөндөн сендивичти көрсөтпөй алып акчасын төлөбөй кетип калган.

сендивич уурдаган депутат

Бирок анын бул кылыгы бат эле ачыкка чыгып,   мандатын тапшырды. Депутат мындай кадамга биринчи ирет барганын ачыктаганда, кесиптештери аны шылдыӊга алып күлүшкөн. Ал эми фракция лидери аны кату сынга алган. Катуу уятка калган депутат мандатын тапшырууга аргасыз болду.

Эске сала кетсек, Словения Европадагы кичинекей мамлекеттердин бири. 1991-жылы эгемендүүлүккө жеткен. 2009-жылдардагы статистика боюнча бул өлкөнүнүн калкынын саны 2 миллиондон ашкан. Бийлиги -парламенттик башкарууда. Бул өлкө тездик менен өнүгүп келаткан өлкөлөрдүн катарында. Экономикалык жактан алганда ИДПсы ар бир адамга 30 миӊ доллардан туура келет.

Эми эгемендүүлүккө ушул өлкө менен эле теӊ жеткен Кыргызстандын мисалын биз жакшы билебиз. Бизде сендивич уурдаган атка минерлер эч качан кызматтан кетпейт. Тескерисинче, депутат болот, кызматтан кызматка көтөрүлөт. Элге акыл үйрөтөт. Элибиз да оомо эл. Ошолордун көбүнө кошомат кылып, мактайт. Бул кашкайган чындык. Чынында азыр Жогорку Кеӊеште миллиондорду жеген депутаттар аз эмес. Акылбек Жапаров, Искак Пирматов, Кубанычбек Жумалиев деп санап кете берсеӊ тизме далайга чейин уланат…

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here