15-февралда Баткен районунун Бужум айылында үй өрттөнүп, куткаруучулар 3 бөлмөсүн сактап калышканын  ӨКМдин  басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта: Кечки саат 6ларда аталган  айылдын тургуну Мурсалим Пазыловдун 5 бөлмөлүү үйүнөн өрт чыкгып, анын 2 бөлмөсүнүн көбү өрттөнгөндүгү айтылат. Ал эми калган 3 бөлмөнү каптаган өрттө өрт өчүрүүчүлөр менен жергиликтүү тургандар токтотуп калышкан.  Барынан кызыгы, бөлмө ичиндеги  Куран китеп өрттөнбөй сакталып калгандыгы болду. Кудайдын кудурети деп ушуну айтса болот!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here