Кожобек мырза,2010 –жалдан бери 200дөн ашык  согушка катышпаган жалган ооганчылар ай сайын пенсия алып жүргөндүгү аныкталды. Алардын ана башында 2 генерал да бар экен. Бирөөсү 6 жылдан бери алган пенсиясын кайра мамлекетке төлөп жаткандыгына байланыштуу кылмыш ишин кыскартып койду? Жалпысынан алганда аларга берилип жаткан  жаза сиздин купулуӊузга толуп жатабы?

-Эгер ошондой калпычылык,  башкача айтканда алдооо жолу менен  акча ала турган  болсо, биринчиден эле аскер комиссираттары  жазаланышы керек. Анткени жалган ооганчылар   тааныш-билиш аркылуу ошол жактан кагаз жаздырып алышты да. Алар баарын билип туруп ушундай ишке баргандыгы үчүн  катуу жазаланышы зарыл.  Эми муну кылдаат илилктеп сотко өткөрүп берилсе,  сот ага чекит коюшу абзел. Бирок кээде  документтердеги  сандан ката кетип, чындап эле согушка барган адамдар караланып калып атат. Ошондуктан баарын кылдаат изилдеп чыгууга туура келет.  А эгер акчасын убагында   ала берип, кийин жазадан коркуп, кайра акчасын кайтарган күндө деле  жазадан толук качып кете алышпайт десек болот. Ооган согушунун ардагерлери алып жаткан 6 миң сом пенсия аздык кылып жатканы боюнча  мамлекет башчыларына коңгуроо кагып жатабыз.

-Көбөйтүү боюнчабы?

-Ооба. Майып болгон ардагерлер 7 миң, жарат албаган жалпы ардагерлер 6 миң сомдон 2010-жылдан бери берилип келатат. Эми ушул пенсияны 2 миң сомго көтөрүү маселесин ишке ашырып  берсе деп жатабыз.  Бул маселе боюнча мен президентке, өкөмөткө кайрылып жатам.  Эгер пенсияны  5600 ардагерге 8 миң сомдон эсептесек, жылына бюджеттен 130 миллион сом кетет экен. Себеби, дары-дармек кымбат. Дарылоо жайларына барып жыл сайын дарыланган ардагерлерибиз да а эмес. Кыскасы, мамлекет бул маселени чечип берет деген үмүттөбүз.

-Сиз ооган согушуна  кайсыл жылы бардыңыз эле?

— Мен аскерге 1981-жылы чакырылгам. Ашхабадда 6 ай сержанттык окууну окудум. Ошол жерден чалгындоо одилениесинин командири болуп, Ооганстанга кеттим. Ооганстандын Шиндант провинциясында, Гилмент деген шаарда 1,5 жыл кызмат кылдым. Кыргыз балдар абдан көп болчу. Бизге ким буйрук берсе, ошол буйрукту так аткарганга аракет кылдык. Көп эле кооптуу учурлар болду. Ар дайым согуш талаасында чыгып турдук. Ар дайым коркунучтар болуп турду. Себеби, миналардын жарылышы, аткылоого туш болуу көп болот да.  Бир ирет Кандагар шаары тарапка бараткан жерде “жашыл аймак” деген жер бар. Ал жер абдан коркунучтуу жер болчу. Ал аймакта дайыма жарылуу, атышуу болгондуктан өтүү кыйын болчу.

Себеби, душмандардын мыкты жайгашкан, дайыма кароолго алган жери болчу.  Тик учкатар менен эле үстүнөн карап, кайтарып өткөрбөсө, мындай жөн эле өтүп кетүү деген мүмкүн эмес эле. Биз  бир ирет мына  ошол “жашыл аймактын” тегерегинде атайы тапшырма аткарып жүрүп, жолдон адашып, 1,5 сутка адашып кеттик. Ошо убакытта биз душмандардын кароолунда калып жок болуп калышыбыз мүмкүн эле. Кудай сактап, акыры аман-эсен чыктык.

Ооганстан абдан ысык негизи. Сууну кайнатып ичпесең, бат эле өтө оор оорулар менен оруп каласың. Эми баштан өткөн окуяларды айтып олтурсак абдан эле көп…

Суроо салган, Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here