Мына, Ооган согушунун бүткөнүнө туура 30 жыл болуп жатат. Жалпысынан кыргыз бийлиги Ооган согушунун ардагерлеринин эмгегин кандай баалады? Нааразычылык жокпу?

—Эч кандай нааразычылык жок. Себеби, биз 2010-жылга чейин өкмөт тараптан ар кандай жеӊилдиктерди алып келгенбиз. 2010-жылдан кийин, баарын бириктирип туруп эле, ай сайын 6 миӊ сомдук пенсия чегерип берди. Бул биз үчүн жакшы колдоо болуп калды. Ошол эле, учурда Россияда, Казакстан ж.б. мурунку союздук өлкөлөрдө  Ооган согушунун ардагерлеринин пенсия көлөмү эки эсеге чейин аздык кылат. Бизде Ооган согушунун ардагерлери Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине теӊдештирилгенбиз. Мунун өзү чоӊ сый. 30 жылдык дегенибиз кандайдыр бир деӊгээлде маараке болуп жатат. Бийлик тараптан мектептерде, окуу жайларда ардагерлер менен жолугушуулар уюштурулуп, өтүп жатат. 15-февралда Улуттук филармонияда Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы, президентибиз Сооронбай Жээнбеков катыша турган салтанаттуу иш-чара боло турганын угуп жатабыз.  Мен жеке өзүм 30 жылдык мааракеден эч нерсе күтпөйм. Себеби, ошол кан күйгөн согуштан жерибизге аман-эсен кайтканыбыздын өзү эле Жараткандын чоӊ белеги эмеспи.

Жогоруда ардагерлерге мамлекет тарабынан ай сайын 6 миӊ сом пенсия берилип жатканын айттык. Ушул акчаны акыркы 8 жылдан бери алып жатышкан  эч кандай согушка катышпаган жалган ооганчылардын жүзү ачылбадыбы. Алардын саны 200дөн ашканы маалым болууда. Арасында генералдар бар экени маалым болду. Бул маселе боюнча өз оюӊузду ортого салсаӊыз…

—Бул өтө өкүнүчтүү, кыжырды келтире турган окуя болуп калды. Аларды бир сөз менен уятсыздар деп койсок болот. Экинчиден, мыйзамды бузгандыгы үчүн  кадимкидей эле жазага тартыш керек. Биздин мыйзам адамдардын баарына бирдей  таасир этпей жатпайбы. Мунун баары адилетсиздик. Эки генерал боюнча да кылмыш козголгону маалым. Бирок аларга карата бийлик тараптан жумшак мамиле болуп жаткандай. Эми көрөбүз, алар таптакыр кутулуп кетиши мүмкүн, ошол эле учурда жалган ооганчылардын арасынан бир канчасы кесилип кетиши да мүмкүн. Баарына көз салып байкай туралы.

—Ооган согушуна он жыл ичинде  7 миӊден ашуун кыргыз жоокерлери катышканы маалым. Анын ичинен 250дөн ашыгы каза тапкан. Ардагерлер акыркы жылдары 4-5ке бөлүнүшүп, өз өзүнчө уюмдарды түзүп алышкан. Бул көрүнүш ооганчылардын ынтымагы анчалык эмес экенинен кабар бербейби?

—Убагында мени дагы ошондой уюмдардын бир канчасы өздөрүнүн катарына тартканга аракет кылышкан. Ошол уюмдарды түзүп алган, же жетектеген адамдардын арасында мен төрага, мен биринчи болушум керек деген эле  бөлүп-жаруу болгон деп ойлойм. Мен мүмкүн болушунча баарына теӊ кеп кеӊешимди айтып, ынтымакка чакырып келем. Негизи мен Ооган согушуна катыштым дегендердин баары бир муштумга биригип, ынтымакты бекемдөөнүн үстүндө болсо, жанагындай жалган ооганчыларга шарт түзүлбөйт болчу. Жалпысынан алганда ооганчыларыбыздын ички ынтымагына ичим бышпайт…

    Маектешкен: Айбек ШАМШЫКЕЕВ

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here