Алып буруучу Нурзат Токтосунова менен жолдошу Максат Надырбеков жакында эле кыздуу болгону баарыбызга белгилүү. Жубайлардын кызына чоӊ атасы Акбермет деген ысым ыйгарган.  Бул тууралуу Токтосунова өзүнүн инстаграм баракчасына жазып , сезимдери менен бөлүштү.

«Куттуктоолоруңар үчүн чоң размат, кең пейил адамдар! Аллага миң мертебе шүгүр, кызыбыз өмүрлүү, бактылуу болсун, чоң атасы Акбермет деген ысым ыйгарды, берметтей аруу болсун! Түбөлүгү түз, дөөлөттүү болуп артынан көп ини-сиңди алып келген кыз болсун! Кудайым берсе удаа, удаа төрөп, үйдөн чыкпай калайын. Көптөн күткөн ырысыбыз жатат жанымда кыбырап, ар бир аялга бакыт каалайм», — деп Нурзат айым өзүнүн сезимдери менен бөлүштү.

Акберметтин бешик боосу бекем болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here