Тогуз жылга созулган афган согушунда 248 кыргызстандык курман болгон. Бир жарым миң жоокер жаракат алган.

Афган согушуна катышкан аскерлердин эрдиги жаштар үчүн мекенге кызмат кылуунун, мекенчилдиктин, мекенин коргоонун үлгүсү болуп кала берет. Мындай пикирин өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков советтик аскерлердин Афганистандан чыгарылышынын 30 жылдыгына арналган салтанатта айтты.

Президент көп улут өкүлдөрүнөн турган Советтик Армиянын катарында жети миңден ашык кыргызстандык өз милдетин аткарганын, өлүмдөн коркпой, баатырдыктын үлгүсүн көрсөткөнүн эске салды.

«Тогуз жылдан ашык созулган афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс так калтырды. Миңдеген мекендешибиз уулдарынан, бир туугандарынан, аталарынан, өмүрлүк жарынан ажырады. Афган согушунда 248 кыргызстандык курман болду. Бир жарым миң жоокерибиз жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушту. Аскердик милдетин каармандык менен аткарган бардык мекендештерибиздин эрдигине баш ийип, аларга урматыбызды билдиребиз. Кырчындай жаш өмүрүн курмандыкка чалган баатырларыбыздын элесине таазим этип, каармандыгын даңктайбыз!» — деди Жээнбеков.

Ал 247 кыргызстандык СССРдин жогорку мамлекеттик сыйлыгы менен сыйланып, эки жоокер Советтер Союзунун Баатыры деген жогорку наамга татыганын эске салды. Ош облусунун Базар-Коргон районунун Арсланбап кыштагында туулган кенже сержант Юрий Исламовго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген. Ушундай жогорку сыйлыкка Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну капитан Сергей Гущин дагы татыктуу болгон.

Мамлекет башчысы сөзүн жыйынтыктап жатып, мамлекет экономикалык мүмкүнчүлүгүнө жараша «афган» ардагерлерине социалдык колдоосун үзбөй көрсөтүп жатканын, башка социалдык-экономикалык маселелердин катарында алардын да маселелери ырааты менен чечилерин белгиледи.

Ардагерлерге сыйлык тапшырылып, салтанаттуу жыйын концерт менен жыйынтыкталды.

Булак: sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here