Кожобек мырза, ,ооран согушу жөнүндө жана сиздердин уюм тууралуу кененирээк маалымат бере кетсеӊиз?

-Өзүӊүздөр билгендей эле 1989-жылы 15- февралда советтик армия ооган согушунда жеӊишке жетишип, ооган жергесинен душмандар сүрүлүп чыгарылган. Ал кандуу согушка  быйыл туура 30 жылдын жүзү болуптур. Кыргызстандан  7141жоокер согушка  аттанып,  250дөй  эр-азаматыбыз  көз жумган. Бирок кээ бир ардагерлер кайтып  келгенден кийин деле ден-соолугу начарлап, кайтыш болуп кеткендер да көп эле болду.  Статистика боюнча учурда республика боюнча  5600дөй эле адагер калды. Кийин ошол согушка катышып, келген адамдардан куралган атайын уюм ачып, ар-кандай иш-чараларды өткөрүп турабыз.

Негизинен бул уюм “Совминдин” буйругу менен 1990-жылдары эле уюшулуп, андан бери бир топ иштерибиз менен коомчулукка да таанылып калдык десем болот. Ошонун алкагында облустарда, райондордо да атайын коомдук уюмдарды ачканбыз. Ооган согушуна катышкан  ардагер кеӊешинин  түптөлүшүнө  маркум Нурлан Төрөбековдун эмгеги чоӊ. 1996-жылы мен  Бишкек боюнча төрагалыкка шайланып, экөөбүз бир топ жыл бирге иштедик. Бейиши болгур Нурлан эми арабызда жок болгону менен ал өзүнүн эмгеги жана уюштургучтугу менен элдин эсинде калды. Бир эки мисал айтайын, Нурлан Төрөбеков экөөбүз ардагерлерге шарт түзөлү деп жүгүрүп, Улуттук госпиталда атайы ардагерлер үчүн : неврология, терепия сыятуу бөлүмдөрдү талапка ылайык оңдодук.  Ата-Түрк паркынада ооганчыларга арналган эстелик  тургузулду.

Дагы бир айта  кетчү маселt,  биздин жоокерлердин ооган согушунан кийин деле кылган эрдиктери көп эле болду. Маселен,  Баткен согушу, Оштогу коогалаӊда тынчтыкты орнотууга чоң салым коштук. Ошондой эле, эки жолку 2005-2010-жылдардагы ревалюцияда теӊ Ак  үйдү коргоп алдыңкы катарда болушту.

Нурлан Төрөбеков менен Тыныбек Кадыров

 

Төрөбековдон кийин Тыныбек Кадыров төрага болуп жакшы иш алып барып жатты эле, ал инсаныбыз да жол кырсыгынан каза болуп калды. Жакында маркум Тыныбек Кадыровду  эскерип, атайын турнир өткөрдүк. Ал турнирге  райондогу бардык ардагерлер катышып, шахмат, топ ойноттук.

Ушул тапта мамлекетик денгээлде ооган согушунун 30 жылдыгы белгиленгени турат. Жалпысынан  алганда  жетиштүү деңгээлде көңүл бурулуп жатабы?

-Негизи  башынан эле оган согушуна байланыштуу ар кандай  иш чаралар жер-жерлерде 15-февраль күнү  белгилөө салтка айланып калган эле. Быйыл  30 жалдык чоӊ мааракени  өткөрүлгөнү жаткандыктан, өкмөт тарабынан да атайын көӊүл бурулуп жатат. Салтты улай эле Жогорку  Кеӊеш  жана президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусу менен мамлекеттик денгээлде филармониянын залында салтанаттуу мааракебизди өткөргөнү турабыз. Белгилөө, сыйлоо аземин ошол күнү жалпыбыз чогуу көрөбүз. Ал эми өзүбүздүн Ооган согушунун республикалык кеңеши тарабынан да мааракеге  даярдыктар жүргүзүлүп, ардагерлерге  акчалай ж.б.  сыйлыктарды тапшырууну да көздөп жатабыз.  Чынында Улуу Ата-Мекендик согуштан кийинки эле катарда биз тургандактан аймактагы жаштарга, окуучуларга жана студенттерге  тарбиялоо иштерин жүргүзүп, согуш эмне экенин башабыздан өткөргөн окуялар менен түшүндүрүп бергенге аракет кылып келатабыз.

Ооган согушунун ардагерлеринин жалпы ынытмагы  жакшы эмес деген кептер айтылып келет. Бул боюнча эмне айтасыз?

— Мен андай сөздөргө кошулбайм. Себеби кээ бир партиялардын, уюмдардын ынтымагына караганда биздин ынтымак  бир топ эле жакшы. Эми көпчүлүктө ар кандай сөздөр боло берет экен да. Бирок мурда чындыгында эле бөлүнүп-жарылуулар болуп келген. Себеби ортодо ооган согушуна барбай деле жалган ардагер болуп алгандар да чыга калышпадыбы. Андайлар кайсы беттери менен согушка баргам деп жүрүшөт билбейм.  Эми акырындып баары жөнгө саланып, атайын устав менен иштейбиз.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here