Ашырбек Бакаевич, адегенде окурмандарга эмне үчүн аскердик кесипти тандап алганыӊызды айтып берсеӊиз?

—Кыргыз эли байыртан жоокер эл болгон да.  Ушул себептүү жоокердик сезим ар кимибиздин жүрөгүбүздө бар. Анын үстүнө менин атам Улуу Ата-Мекендик согушка катышып, колунан жаракат алган. Үч таякем да ошол кан майданга кетишип, кайтпай калган. Ушунун баары мени аскер адамы болууга түрткү болуп, аскер окуу жайларынан билим алып, жалпысына бул тармакта 41 жыл кызмат кылдым.

—Саналуу күндөрдөн кийин Ооганстандагы согуштун бүткөнүнө туура 30 жыл толот. Бүгүнкү күндө Ооган согушуна катышып келген кыргыздын генералдарынын саны 10дон ашат экен. Алардын бири сизсиз. Бул согушка кандайча катышып калдыӊыз, сизге кандай милдет тагылды эле?

—Мен Ооганстанга  1987-жылы бардым. Ал учурда согуштун башталганына 8 жыл болуп, союз бийлигинин бул согушка катышканы туура эмес болуп, аброю кете баштаганда, Гарбочев союз жоокерлерин чыгарып кетүүнүн аракетинде болуп жаткан учур болчу. Союз бийлиги Ооганстандагы согуштук аракеттер жакшы болсун, кырдаал жакшы болсун деп, аскердик тажрыйбасы бар, чоӊураак  кызматтагы офицерлерди кеӊешчиликке жибере башташкан. Мен ал кезде азыркы Астанадагы эӊ ири аскердик полктун саркеринин биринчи орун басары болчумун. Аскердик тажрыйбама 21 жыл болуп калган. Аскердик чиним подполковник болчу. Мени Ооганстанга улук аскердик кеӊешчи кылып расмий эмес түрдө жиберишти. Мындайча айтканда, башка фамилия, башка ат менен, орус тилинин мугалими кылып жөнөтүшкөн. Бул да ошол учурдагы аскердик өзүнчө бир ыкма болгон.

Бул маектин видео-версиясын төмөндө көрүӊүз:

—Эми Ооган согушунда кеӊешчилик кызматыӊыз тууралуу кеп кылыӊыз…

—Мен үчүн Афганистан Демократиялык Республикасынын Революцияны коргоо башкы башкармалыгынын атайын жана ыкчам аскер бөлүктөрүн Кабулдун түштүк-чыгышынан түштүк батышына чейин 30-50 км аралыкта уй мүйүз тарта жайгаштырып, борбор шаардын коргоо чегин жана ошо аймакта турукташкан бардык маанилүү объекттердин коопсуздугун камсыз кылуу башкы милдет болчу да.

Андан тышкары айтайын дегеним, мага жашыруун тапшырма ошол эле менин көзөмөлүмө тийиштүү аймактагы бардык советтик аскер бөлүктөрүнүн, алардын ар кайсы тоо башында, дөңсөө чокуларында коргондолуп, чеп сыяктуу жер казып жашынган куралдуу, алыска (20-30км) атуучу артиллериясы бар, асмандагы самолётторду атуучу зениткалары, түнкүсүн күндүзгүдөй даана көрсөткөн дүрбүлөрү , электр чыгарган дизель генераторлору ж.б. жашоо, коргоону шарттарына керектүү нерселердин баары жайгаштырылган атайын аскер топторунун дагы алыстан, сыртынан ар кандай амал, аракеттер менен коопсуздугун камсыз кылууга милдеттүү элем…

Ушуга байланыштуу, негизги көзгө анча байкалбаган, бирок тынымсыз, өтө жооптуу, кооптуу иш-чараларды өткөрүп, аткарчумун. Керек учурунда ошон үчүн маалымат берүү же алуу үчүн, кайсы бир атайын аракеттерди макулдашып, такташканы 40-армиянын ошо кездеги командачысы генерал Громовдун, ВДВнын дивизиясынын командири полковник Грачёвдун, башкы кеңешчилердин башчысы, армиянын генералы Варенниковдун штабдарына барып тыгыз байланышта болгом… ошол аракеттердин натыйжасында афган жагын айтпай эле коёюн, мен үчүн өтө маанилүү өзүбүздүн аскерлерибиздин канчасынын өмүрүн сактап калдым, аны айтуу кыйын, бирок көп эле учурларда ошол биздин аскер топторуна болгон моджахеддердин чабуулдары, ар кандай провокациялары алар үчүн чоң жоготуулар менен аяктап, биздин аскерлердин жеңиши менен, далай жолу биз жактан эч жоготуусуз болуп турган…

Кабулдан түштүк-чыгыш, түштүк, түштүк-батыш тарапка кеткен жолдорду да көзөмөлгө алгандыктан, ошол жолдор менен өткөн советтик аскер колонналары болобу, башкалар болобу, тегеректеги тоо-ташты аралап, афгандардын атайын аскерлерине кеңешин берип башкарып жүргөн, алардын аманчылыгын тилеп, коопсуздугун камсыз кылган бир кыргыз подполковник бар экенин эч кимиси билчү да эмес, ойлоруна да келбеген болуш керек…

—Негизи Ооган согушунда сизге окшогон улуту кыргыз аскер кеӊешчилери көп эле беле?

—Жок. Мен Ооган согушунда бир жыл жүрдүм. Мен жүргөн учурда Орто Азия боюнча менин деӊгээлимдегидей кеӊешчи болгон жок десем туура болот. Кыскасы, мен Ооган согушунда өзүмө тагылган милдетти, тапшырманы так аткардым. Ал тургай башкаларга да үлгү болгон учурулар болду. Менин эмгегимди Ооган бийлиги жогору баалап, мени Биринчи даражадагы “Алтын жылдыз” ордени менен сыйлады.

Маектешкен, Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here