15-февраль күнү Ооганстандан советтик аскерлердин чыкканына туура 30 жыл толот. Ооган согушу 1979-1989-жылдары болгон. Бул согушка 7140тан ашуун кыргыз жоокерлери  катышып, анын 252си курман болгон. 1500дөй жоокер ар кандай деңгээлде жаракат алып, 30 жылдык маараке Кыргызстанда да жогорку деңгээлде белгиленгени турат. Учурда Кыргызстанда Ооган согушунун ардагерлеринин саны 5500дүн тегерегинде. Өкмөт аларга ай сайын 6 миң сомдук пенсия чегерип берген. Ал эми ал  согушта   4 кыргыз  жоокери дайынсыз жоголгон эле.

Кыргыз элинин белгилүү инсаны, генерал Чотбаев Абдыгул Chagylgan.kgге Ооган согушунун келип чыгышы, согуштун жүрүшү жана кыргыз жоокерлеринин согуштагы орду,  алган таасирлери, сабагы  тууралуу кенен айтып берди. Ал ооган согушу башталган 1979-жылы декбар айында биричилерден болуп барып, взводдун комондири болгон. Ал кан майдандан 1981-жылы кайтып келген. Генералдын башынан өткөргөн кызык окуяларын төмөндө тасмадан толук угуп, көрүңүз:

Генералдын Ооган согуш мезгилинде тартылган сүрөтү

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here