-Нарынбек Молдобаевич, «Кыргыз  темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционердик коом кылып өзгөртүү демлгесине кандай көз караштасыз?

—Бул маселе  жөнөкөй маселе эмес. Бийлик жакшылап ойлоно турган чоң маселе экенин  баса белгилегим келет. Мамлекеттик ишкананы – Акционердик коом кылуу деген  ал ишкананын анча-мынчасын менчикке, же акционерлерге берүү да. Мамлекеттин үлүшү  аз болобу, көп болобу, кеп анда эмес. Бүгүнкү экономиканын талабынан алып караганда  “Кыргыз темир жолун” Акционердик коом кылуу туура эле маселе. Бирок буга чейин  “Түндүк электро”, “Манас” аэропорту, “Бишкек жылуулук борбору”, “Кыргызтелеком” , “Учкун”  басмаканасы Акционердик коом болуп түзүлгөн да. Бул ишканалардын жыйынтыгын көрүп келатабыз, баары эле  жакшы эмес. Кирешеси аз болуп, чыгашалуу болуп жатпайбы. Ушундан улам мамлекет жакшы пайда көрө албай келатат. Ошондуктан өкмөт “Кыргыз темир жолун” Акционердик коом кылууда  мына ушул ишканалардын жыйынтыгынан сабак алып, ошолордун катасын кайталабай, ишти мыкты алып кете тургандай болуш керек да.  Жакшы максат менен жасалса- жакшы эле болот. Бирок кандай болгон күндө да бул маселеге көзөмөл күчтүү болушу зарыл.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here