-Марс мырза,  «Кыргыз  темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционердик коом кылып өзгөртүү демлгесине кандай көз караштасыз?

—Негизинен бул маселе туура. Бул жолго барбасак, темир жолдо өнүгүү болбойт. Башка жол жок.  “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы – Акционердик коом болуп өзгөрө турган болсо, анда негизги контролдук пакет өкмөттүн өзүндө калышы керек. Акционердик коом болгон соң – каалоочулар акционер болуп кирет. Менин оюмча, Орусиянын Темир жолу  чоң акционерлердин бири болуп кириши мүмкүн. Эмнеге дегенде орустардын кызыкчылыгы бар. Алар биздин “Кыргыз темир жолуна” материалдык жактан жакшы жардам берүү ниетин буга чейин эле билдирип келишкен да.    Ошентип, алар акционер болуп кирип калышса, маселен Бишкек менен Нарынды байланыштырган темир жолду салышы мүмкүн. Бул маселеде чоң  гоесаясат бар. Муну унутпашыбыз керек.  Жакында Кытай “Один путь, один поезд”  долбоорунун негизинде Ташкенттен баштап, Кавказ аркылуу  Европага карай темир жолун салса, анда Орто Азияда Кытайдын таасири дагы да күчөй турганын орус бийлиги терең түшүнүп жатат. Алар муну негизинен каалашпайт. Ошон үчүн орустар өзүнүн аймагында бул темир жол аймагын сактап калгысы келет. Кытайлардын да бизге кызыкчылыгы аз эмес. Алар да орустардай эле өз саясаты менен, биздин темир жол тармагыбызга жардам бергилери келет. Кыскасы, өкмөт бул маселеде терең ойлонуп, кылдаттык менен чечим кабыл алышы зарыл.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here