“Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында 12-февралда саат 17:00гө чейин жол эрежелери бузулган 14 миңден ашуун учур катталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Оторов кабарлады. Анын айтымында, эреже бузулган учурлар кайра каралып чыгып, юридикалык баа берилген соң гана автоунаа элерине айып төлөө үчүн маалымат жөнөтүлөт.

Бүгүн, 13-февралда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Коопсуз шаар» долбоорунун иши менен таанышуу үчүн Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Мониторинг борборуна барат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here