-Кожобек мырза, «Кыргыз  темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционердик коом кылып өзгөртүү демлгесине кандай көз караштасыз?

—“Кыргыз темир жолун” Акционердик коом кылып түзүүгө мен каршы эмесмин. Бул туура эле маселе. Формасы жеке менчик сыяктуу болгону менен- эң негизги акционер мамлекет өзү болот да. Мамлекеттик ишканаларды Акционердик коом кылып өзгөртүү  боюнча тажрыйба бизде болуп келатат. Буга чейин бир катар ишканалар Акционердик коом болуп өзгөрүп иштеп жатышат. Баары болбосо да, айрымдары жакшы көрсөткүчтөргө жетип жатышат десек болот. Азыркы күндө мамлекеттик ишкана болгону үчүн анчалык кирешелүү болбой, акырындык менен банкроттук абалга кетип баратат да. Ушундан улам, өкмөт бул ишкананы Акционердик коом кылып, инвестиция тартып, колу-бутун узартып,  өнүгүүгө карай жол ачалы деген аракетти жасап жатса керек. Негизинен колдоого алына турган эле маселе.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here