Дарыгердин туура эмес  дарылоосунан улам, кызынан айрылган Уларбек Саипов редакциябызга кайрылды. Кызынын өлүмү атага аз келгенсип, сот да акыйкаттан адашууда… Күйүткө баткан  ата менен болгон  маегибиз мына ушул маселе боюнча уланды…

 —Улар мырза, кайгылуу окуянын чоо-жайын кененирээк  айтып берсеӊиз?

—2018-жылдын 1-сентябрда Восток-5 кичи районундагы №8-поликлиникада Абдыкеримов Султан деген невролог доктурдун колунан 16 жаштагы кызым көз  жумду.Биз 4 күн мурун ошол доктурга кызымдын башы ооруп кайрылганыбызда «томографиядан өтүп келгиле» деп жиберген.Томографиядан өткөндөн кийин эртеси доктур жыйынтыгын өзү алып келе тургандыгын айтты. Ошентип, эртеси барганыбызда ийне сайып дарылашыбыз керек деп калды. Башка жакка жазып берет экен деп турсам, «өзүбүз эле дарылайбыз, мен колу-буту иштебей калгандарды да айыктыргам» деп туруп алды.

Негизи үй-бүлөлүк дарыгерлер орчундуу оорулар болсо, башка жакка кагаз жазып бериши абзел да. Бирок, ал дарыгер: «Кагаз жазбайм, 10 миӊ сом берсеӊер жакшы дарылап берем»,- деп ишендирди. Акчасын кассага төлөйүн десем,  «өзүмө эле бериӊиз” деп калды. Ошону менен кызымдын саламаттыгын өз мойнуна алып, ийне сайып дарылай баштады. Көрсө, кызыма ийне саям деп эле блаккада жасап жүрүптүр. Акыркы жолу капельница алганы кызымды алып  келгенимде, дарыгер бөлмөсүнө кызым менен кирип күндөгүдөн көпкө жоголуп кетти.Тынчсыздана баштадым. Көп өтпөй дарыгер айым баягы бөлмөнүн эшигин катуу жаап алды. Мен чыдап тура албай үстөнөн кирип бардым. Кызым дарылочу бөлмөдө оозу көгөрүп, көпкө чейин жатып калыптыр. Ушундай кырдаалда да эч кандай чара көрбөй карап турган доктурларга жиним келип “Тез жардам” чакырттым. Алар келгенден кийин кызымды атайын аппараттар менен сактап калуунун чараларын көрө башташты. Бир саатка жетпей жанагы Абдыкеримов Султан деген   догдур басып келип, кызымдын жүрөгү токтоп калгандыгын билдирди.

—Ошондо бул жерде доктурдун күнөөсү бар деп жатпайсызбы? Атайын экспертизадан далилдендиби?

—Кызымдын өлүмүнө эмне себеп болгонун билүү  үчүн атайын органдарга кайрылдым. Бул экспертизанын жүрүшүнө өзүм катыша алган жокмун, бир туугандарым аягына чейин турушту. Жыйынтыгында туура эмес ийне сайылыптыр, ошондон улам кызыма «анатомический шок»  деген аныктама беришти. Доктур таптакыр  туура эмес дары-дармектерди колдонуп, кызымдын өлүмүнө себепчи болуп калды.

Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылдыӊызбы?

—Анализдин жыйынтыгына таянып, укук коргоо органдарына кайрылып, ал жакта иш козголо электе Саламаттык сактоо министрлигине бардым. Ошол жерден да өздөрүнүн жыйынтыгын чыгарып беришти. Алардын жыйынтыгында да кызыма ийне сайган доктурдун кылгандарынын баары туура эмес деп тастыкташты. Эки жактан теӊ тастыкталган кагаздарын жыйнап алып, Свердлов районундагы Гүлдана Аскарова деген тергөөчүгө кайрылып, Абдыкеримовдун үстүнөн иш козгоду. Бир айдан соӊ иш сотко өтмөк. Бирок, ал да адвокат жалдап, кызыма шек келтиргидей шылтоо ойлоп таап, соттолбой калуунун айласын ушундай жол менен жүргүзүп жатат.  Сот да экспертизанын чыккан жыйынтыгын мыйзамсыз деп таап, кайра экспертизадан өткөрүш керек деп сотко даярдалган кагаздарды кабыл албай жатат. Мындай адилетсиз чечимге ичим күйүп сиздерге кайрылып олтурам. Дарыгерлер негизинен элдин саламаттыгын сакташ үчүн даярдалат да. А өз ишин билбеген бул доктурларга окшогондорго мага окшоп,сиздер да кабылып калбашыӊыздар үчүн атайын адилеттик издеп келип олтурам.

 

PS:Белгилүү болгондой маркум Айгеримдин атасы айласыздан  соттон акыйкат чечим күтүп, жакшылыктан үмүт үзбөй тургандыгын билдирди. Эми бул маселе кандай жол менен чечилет, аны убакыт көрсөтөт.

Жумадил кызы Малика

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here