Кыргыз-Орус байланышынын көп жылдык тарыхы бар. Бүгүнкү күнү Орусия жергесинде 600 000ден ашык Кыргыз Республикасынын жарандары туруктуу негизде иштеп, эки өлкөнүн экономикасына олуттуу салым кошуп келет. Кыргыз-Орус форуму эки мамлекеттин элдеринин достугун жана кызматташтыгын өнүктүрүүгө арналган. Анда, миграция жана эки өлкөнүн элдеринин кызматташуу келечегине байланышкан маселелер талкууланат. Форумга Орусиядагы кыргызстандык мекендештердин, Орусия мигранттар федерациясынын, Орус-Кыргыз ишкерлер кеңешинин, Россия Федерациясынын Спорттук калыстар агенттигинин жана башка диаспоралар менен жамааттардын өкүлдөрүнүн катышуусу пландалууда. Ошондой эле, Кыргызстандын өнүмдөрүн Россия Федерациясынын аймагында илгерилетүү максатында, «Кыргызстандын 100 мыкты өнүмү» долбоорун презентациялоо мерчемделген. 2018-жылдын 26-ноябрында Кыргызстанды өнүктүрүүгө багытталган «Келечек 4.0.» программасынын бет ачары өтүп, анын негизги векторлорунун бири катары ата мекендик өндүрүштү колдоо жана өркүндөтүү деп бекиген.

Ушундан улам, «Кыргызстандын ата мекендик өндүрүшчүлөр» ассоциациясы менен биргеликте өнөктөштүктө экспортко багытталган өндүрүштүн, өнүмдөр менен кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестирин түзүү боюнча «Кыргызстандын 100 мыкты өнүмү» инновациялык долбоорун жүзөгө ашыруудабыз. Форум — эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу боюнча келечек пландарды, көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо үчүн туруктуу диалог аянтчасы болуп калат. «ОПОРА РОССИИ» кичи жана орто бизнести өнүктүрүү жалпы орусиялык коомдук уюмунун өкүлдөрү жана «Кыргызстандын ата мекендик өндүрүшчүлөр» ассоциациясы «B2B» бизнес форматында эки өлкөнүн кызматташуу келечегин талкуулайт. Форум кыргыз-орус ишкерлер кызматташтыгын илгерилетүү боюнча, жалпы миграция жаатында оорчундуу маслелерди талкулоо багытында кеңири программадагы биринчи иш-чара.

Өтө турчу жери: Москва шаары Б.Якиманка көчөсү 24, Президент отель Өтө турчу күнү: 16.02.2019

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here