-Бакыт Бакетаевич, «Кыргыз  темир жолу» мамлекеттик ишканасын акционердик коом кылып өзгөртүү демлгесине кандай көз караштасыз?

—Негизи бул маселе туура. Анткени биздин мамлекеттик чиновниктер дайым уурдашат экен да. Чиновниктердин бир гана максаты- бул   тез аранын ичинде байып кетүү болуп калганын турмуш өзү көрсөтүп жатпайбы. Министрлердин баары уурдашат. Керек болсо четинен кармап олтургузса болот. Ал эми кайсы бир кирешелүү ишкана – Акционердик коом болсо, акционерлер ал ишкананын акчасын эч кимге уурдатпай, катуу көзөмөлгө алышат экен. Бул жагын баарыбыз эле көрүп жүрбөйбүзбү. Бирок Акционердик коом кылганда – ал ишкананын башкаруусуна мамлекет азыраак кийлигишиши керек. Болбосо, Акционердик коом деп коюп, баягыдай эле терең кийлигишип башкара берүүнүн кереги жок. Мен айтат элем, жеке эле “Кыргыз темир жолун” эмес, ошого окшогон кирешелүү ишканалардын баарын эле Акционердик коом кылып түзүп койсо жакшы эле болот. Мамлекет андан уттурбайт. Эмнегеде дегенде АО болгон ишканаларда коррупция азайып, тазаланып, мурункудай эмес, башкача иштеп башташат. Киреше да мурункудан өсөт. Инвестия тартканга, өнүгүү стратегиясын өз алдынча ишке ашырууга жакшы шарт түзүлөт да.  Бул практиканы биз өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында көрүп жатабыз. Себеби, ал мамлекетте ишканалардын дээрлик баардыгы Акционердик коом болуп түзүлүп, ийгиликтүү иш алып барып жатышат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here