Саат 11ден кийин…

Эртең менен тура калып, дене-мүчөлөрдү оор кыймылга салбаңыз. Себеби организм үчүн маанилүү гормондор иштелип, канга кошула элек болгондуктан бул маалдагы көнүгүүлөр организмди тынчсыздантып, ден-соолукка да кедергиси тийет. Ошондуктан ар кандай дене кыймылдарын саат 11ден кийин жасаганды адатка айландырыӊыз.

Түшкө чейин…

Тиш доктурга же кандай гана оорулар болбосун (андан тышкары ийне сайдыруу, жараатты таңуу сыяктуу) түшкө чейин дарыгерге кайрылууга үлгүрүңүз. Анткени, адамда күндүз кечки убакка караганда оорунун сезгичтиги азыраак болгондуктан, мындай учурдагы дарылоо жеңил-желпи эч кыйынчылыксыз боло тургандыгын унутпаӊыз.

Паштет менен какодон алыс болуңуз

Эгер сиз арыктаганды абдан каалаган болсоңуз,  таптакыр паштет жебеӊиз жана какао ичпеңиз. Себеби, бул азыктарда адамды семиртүүчү касиеттер көп.

Ваннага түшкөндө…

Ваннага түшкөндө дене үчүн колдонулуучу атайын каражаттарды өзүнүн көрсөткүчүнөн ашырбай колдонуңуз. Эгер ашыкча колдонгон болсоңуз, анын курамындагы синтетикалык каражаттар териге зыянын тийгизип, тери кургап кетиши мүмкүн.

Тамакты куурубай жеңиз…

Куурулган тамак-ашта пайдалуу азыктардын жоюлуп кетээрин билебиз. Эгер жашылча-жемиштердеги пайдалуу азык-заттар сиз жасап жаткан тамак-аштын курамында сакталып калышын каалап жаткан болсоңуз, анда аны алгач куурубай туруп кайнаган сууга салыңыз да жай от менен кайнатыңыз.

Тишти парашок менен жууңуз

Эртең менен тишти тиш паста менен жууп, а кечкисин тиш үчүн атайын порошок менен жууганыңыз оң.Тиш паста порошоктон алсызыраак болуп, бирок күндүз кечке түздуу суюктуктарды, катуу тамак-аш колдононуунүн аркасы менен тиш кошумча тазаланып турат экен.

Чепчик кийип..

Түнкүсүн башыңызга жылуу топу (чепчик) кийип жатыңыз. Бул болсо уйкусуздуктан куткарып, тынч укташ үчүн да өтө керек

Ачка уктабаңыз

Айымдар адатта кечкурун семирип кетпеш үчүн тамак жешпейт. Бирок кечки ачкалыктын айынан беттин териси жабыркап калаарын көпчүлүк көпчүлүк биле бербесе керек.

Теринин алдындагы майларды кантип сактоо керек?

Сиз өзүңүздү дайыма жаш, сулуу аялзаты катары көргүңүз келсе, теринин алдындагы май катмарларын сактап калыңыз. Мына ушул нерсе теринин сапатын коргоп тураары бышык. Андыктан арыктагыңыз келсе, тездик менен арыктатуучу каражаттарды колдонууга киришпеңиз.

Килкилдек

Кез-кезде курамында желатини бар азыктарды көбүрөөк колдонуп коюңуз ( килкилдек ж.б.). Себеби булар чачтын, тырмактын сапатын жакшыртуучу күчкө ээ.

Аз уктасаң семиресиң

Окумуштуулар 5 саат уктаган адам, 7 саат уктаган адамга караганда семизирээк болоорун аныкташкан. Андыктан семирбеш үчүн толук кандуу уктаганды адатка айландырыңыз.

Даярдаган: Малика Жумадил кызы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here