Эртең менен эрте туруу

Ийгиликтүү адамдар ар дайым эртеӊ менен эрте турушат. Себеби канчалык эрте турган адамдын, ошончолук пландаган иштери тез бүтүп, улам бирден кадам болсо да ийгиликке карай жылып олтуруп, көздөгөнүнө эрте жетишет. Андан тышкары эрте турган адамдар түнкүсүн кыйналбай жакшы укташат. Эгер эте туруу сиз үчүн өтө кыйын болсо, сизди ойгото  ала турган коӊгуроо жардамга келет. Ал турууга белги бергенде өчүрүп кайра жатып албаш үчүн аны  өзүӊүздөн алыс  койуп жатканыӊыз оӊ.

 Китепти көп  окуу

Ийгиликтин дагы бир сыры бул- китеп. Китепти канча көп китеп окусаӊыз ошончо дүйнө таанымыӊыз, сөз байлыгыӊыз кеӊейип, жаӊы маалыматтар менен камсыз болосуз. Андыктан кандай гана жагдай болбосун, жумушта же күнүмдүк жашоодо китептин пайдасы тийе тургандыгын унутпаӊыз. Ошону менен катар китеп окуп жатканда каармандардын умтулуусун,  аракетин байкап, таасирдүү сөздөрдү  унутпай  эстеп калыӊыз. Бирок,  ал үчүн эс-тутумубуз  жакшы болушу керек  деп көп ойлонбоӊуз. Анткени ар бир адамдын мээсинде жаӊы маалыматтарды эстеп калыш үчүн атайын нейрондор жайгашкан. Алар маалыматты кандайдыр бир окуяга байланыштырып, мээге сактап кала алат. Демек, ийгиликтүү адам болууну кааласаӊыз көп китеп окуганга тырышыӊыз.

 Спорт жана пайдалуу азык

Ден-соолугун карагандарды ийгиликке жакын адамдардын катарына кошсок болот. Алар спорт менен машыгып, пайдалуу тамак –аштар менен тамактанып, зыяндуу азыктардан алыс болушат.

 Ишеним

йгиликтүү адамдардын ийгиликтери эч кимдикине окшобогондугу менен өзгөчөлөнүп көрүнүп турат. Андыктан бирөөнүн ийгилигин туурап кереги жок. Болгону алардын жеӊиштеринен үлгү , каталарынан сабак алганыбыз эле жетиштүү. Эгер алардын ийгилигине өзүӊүздүн ийгиликти  салыштыра турган болсоӊуз, анда өзүӊүзгө болгон ишеним жоголуп, кызганыч сезими көзүӊүздү каптап алат.  Ошондуктан,    өзүӊүз жаратчу ийгиликтерди өтө ийгиликтүү адамдыкына салыштырып алып чөгүп калбаӊыз. Болгону өзүӊүзгө тереӊ ишенсеӊиз, баары жакшы болот.

Убакытты туура пайдалануу.

Убакыттын канчалык баалуу экендигин өзүӊүзгө ар дайым эскертип туруӊуз. Бул сиздин убакытты үнөмдөп гана тим болбостон, максаттарыӊыздын эрте ишке ашышына өбөлгө болоорун унутпаӊыз.

Даярдаган: Жумадил кызы Малика

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here