-Акылбек Чолпонкулович, акыркы мезгилде урология оорулары абдан көбөйүп кеткени жалпыга маалым. Республикабыздын башкы урологу катары бул көйгөй боюнча эмне айтасыз?

Кыргызстанда бир эле урология эмес, баардык эле оорулардын көбөйүп жатканы байкалып жатат. Ал эми урология ооруларынын көрсөткүчү он жыл мурун башка оорулардын түрлөрүнө салыштырмалуу 5-6 пайызды түзсө, бүгүнкү күндө 12 пайызды түздү. Акыркы жылдары айрыкча бөйрөк, табарсык оорулары, заара чыккыч жана жыныс ооруларынын онкологиялык оорулары  эки эсе көбөйүп кетти. Чынында азыркы  жетишкен, илим-билим күчөп өнүккөн 21-кылымда  мындай оорулар азайыш керек эле. Тилекке каршы, андай болбой, эгемендүүлүк алган жылдардан бери бизде тескерисинче оорулардын түрлөрү күч алды да. Буга биринчиден экономикалык абалыбыз, жумушсуздук, экологиянын начардыгы, жыныс оорулардын,  инфекциялык оорулардын көбөйүшү себеп болду. Бөйрөк иштебей калып, гемодиализге түшүп калып жатышпайбы. Азыр мамлекет эсебинен 350 адам гемодиализде дарыланып жатат. Ал эми жалпысынан алганда гемодиализде жаткандардын саны абдан эле көп.  Мунун баары баягы эле суук тийүү, татаал тагдырдын азабы, миграция түйшүгү, туура эмес тамактануу сыяктуу  турмуштук көрүнүштөрдөн пайда болуп жатат да. Бир сөз менен айтканда, адамдар барган сайын  ден-соолугуна көӊүл бурбай, начар мамиле кылып калышты. Айрымдар ооруп калганда адистерге кайрылбай, өз алдынча да дарыланышат. Мунун кесепети өкүнүчтүү болуп калышы мүмкүн

-Жогорку Кеӊеш бүгүнкү күндө жеке менчик клиникаларга адам органдарын алмаштырууга уруксат берүүнү караган мыйзамдын макулдашылган долбоорун иштеп чыгуу ниетинде турат. Бул мыйзам 2016-жылы колдоо таппай калган эле. Эми кайра ишке ашырууга кызыгып жатышканы коомчулукта талкуу алынууда. Сиздин оюӊуз кандай?

—Азыркыдай оош-кыйыш заманда бул маселени мыйзам менен жеке менчик ооруканаларга жүктөп коюш абдан эле туура эмес болуп калат. Органдарды алмаштыруу деген жөнөкөй иш эмес.  Бул мамлекеттик чоӊ маселе экенин унутпашыбыз керек. Өнүккөн мамлекеттерде  адамдардын органдарын алмаштыруу ишин мамлекеттик ооруканалар өзү жүргүзөт. Бирок бизде мындай мүмкүнчүлүк жок. Ушул себептен биздин жарандар чет мамлекеттерге барып, алмаштырып келип жатышпайбы. Бизде деле кеч башталса да, бөйрөктү алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Бирок азырынча тажрыйба азыраак. Эми бул ишти күчөтүш керек. Тиешелүү иштер жасалышы зарыл. Бизде улуттук госпиталга, башка чоӊ клиникаларга уруксат берип, шартын түзүүгө мамлекет тарабынан аракеттер болушу керек.  Негизи кеп бөйрөктү алмаштырып коюу эле эмес. Алмаштыргандан кийин да дарылоо иш-чарасына  көп акча кетет.

—Болжол менен бизде бөйрөк алмаштыруу иш-чарасын ишке ашырууга канча   каражат кетиш керек?

—Болжол менен бир операция жана  андан кийинки дарылоо иштерине 10-15 миӊ долларга чейин кетет. Эми мамлекет бул каражатты толук көтөрө албайт.  Мисалы, мамлекет жок дегенде 50 пайызын өзү төлөсө, калганын муктаждар өздөрү төлөйт эле да. Биздин клиникага азырынча расмий түрдө органдарды алмаштырууга уруксат бериле элек, бирок беребиз деген ниетин билдиришкен. Эми уруксат беришип, шартын түзүп беришсе, биз да бул  маселени ишке ашырууга белсенип жатабыз.

Адамдын органдарын алмаштырууну жеке клиникаларга берүү маселесинин артында эмне кызыкчылык бар? Депутаттар бул ишке мамлекеттин каражаты жок деген эле жүйө келтирип жатышабы? Же бул маселеде кандайдыр бир лобби барбы?

—Абдан туура суроо болду. Бул маселеде лобби бар болушу да мүмкүн. Анткени, депутаттар болобу, же башка бир колунда барлардын жеке клиникалары бар да. Алардын да кызыкчылыгы деп айтуу кыйын.  Экинчиден, бул мыйзамды киргизгиси келгендер мамлекеттин алсыздын пайдаланып жатышат. Менин оюмча, адамдардын органдарын алмаштыруу ишин жеке клиникаларга берүү маселеси  өтө кооптуу.  Адамдык жактан алганда да, юридикалык жактан алганда да бул туура эмес иш болуп калат. Эгер ишке ашып кете турган болсо, ар кандай болуп, мунун арты абдан эле жаман болуп калышы мүмкүн. Маселен, органдар көзөмөлгө алынбай, донорлор туура эмес кабыл алынып калат деп ким кепилдик берет. Албетте, эч ким кепилдик бере албайт. Ошон үчүн органдарды алмаштыруу маселеси сөзсүз түрдө мамлекеттин көзөмөлүндө болушу зарыл.

—Сиз жетектеген урология борборуна бир күндө канча адам кайрылат?

—Ушу тапта биздин борбордо   такай 150 адам дарыланып турат, ал эми күн сайын кайрылган адамдардын саны 40-50гө жетет. Бизге негизинен бөйрөктүн сезгенүүсү, табарсык оорулары, “простата”  бездеринин сезгенүүсү, аденома оорулары менен көп кайрылышат. Ал эми аялдар табарсыктын сезгенүүсү, андан тышкары бөйрөктө заараны кармабай калганы  менен эӊ көп кайрылышат.  Биздин борбор негизинен улуттук госпиталдын курамында,  2013-жылы  республикалык урология түзүлүп, жаӊы имаратка көчкөнбүз. Ошондон бери биз заманбап технологияларды киргизгенге аракет кылып келатабыз. Мисалы, ооруган адамды  эндоскопиялык жол менен дарылап, эки-үч күндө эле сакайтуу ыкмаларын колдонуп жатабыз.  Бөйрөктүн,  “простата “  безинин, табарсыктын рак оорулары да көбөйүп кетти. Бир мисал келтирейин. Союз учурунда биз бир айдын ичинде  “простата” бези менен жабыркаган  2 адамды эле дарылачубуз. Ал кезде чынында аз болчу. Ал эми акыркы эки жылдын ичинде мындай оору менен 200 адамды дарыладык, анын 100үнө чоӊ операция кылдык. Андан тышкары, тукумсуздук, эркектин жыныстык  алсыздыгы менен кайрылган эркектер да көбөйдү.

Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here