-Канат мырза, акыркы убактарда өкмөт жазга чейин, же жазда кетет. Өкмөт башчылык кызматка Канат Исаев келет экен деген сөздөр айтылып калып жатат. Бул маселени өз оозуӊуздан уксак…

-Өкмөткө айтылып жаткан сын пикирилердин көбүнө негиз бар. Жалпысынан экономикалык абалыбызды алсак, өкмөттөн да көз карандысыз нерселер болуп келатат. Маселен, Россияга батыш өлкөлөрү ар кандай санкцияларды киргизип жаткандыктан, ал өлкөнүн да экономикасы  ойдогудай өнүкпөй турат. Ал эми Россиянын экономикасынан Казакстандын экономикасы көз каранды. Биздин экономика болсо ушул эки  өлкөнүн экономикасына  абдан эле көз каранды.

Коомчулук, журналисттер да азыркы өкмөттү Жаӊы кодекстер  боюнча сындап жатпайбы. Мен да өкмөттү сындап эле жүрөм. Бирок ачык айтып коюшубуз керек. Жаӊы кодекстер маселесине азыркы өкмөттүн, азыркы президенттин  эч кандай тиешеси жок, керек болсо парламенттин, экс-президенттин  тиешеси бар.

-Макул, ал  жагы түшүнүктүү. Бирок өкмөттүн бул маселеден башка деле кемчиликтери толуп жатпайбы…

-Өкмөттүн айрым мүчөлөрүнө, маселен Билим берүү, Айыл чарба, Саламаттыкты сактоо министрлерине, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчисине бир топ сындарды ачык эле айтып келатбыз. Өкмөт бул айтылган сындар боюнча демилгени колго алып, көзгө көрүнүктүү, элдин моокуму кана тургандай иштерди  жүргүзүшү керек. Бирок бүгүнкү күндө көмөт отставка кетет деген сөз жок. Мага эч ким бул маселе боюнча сунуш кылган жок.

-Бирок өкмөт башчылык кызматка барайын деген нитеӊиз барбы?

-Эгерде, мага андай  сунуш  болсо, биздин  партиялаштар, тууган-уруктар менен кеӊешип ойлонобуз. Азыр өкмөт башчысына ким барбасын, кыска  эле мөөнөтттө баарын оӊдоп жиберет дегенден алысмын. Себеби, жалпы мамлекетибизде кырдаал ушундай болуп турат. Өкмөт башчы болуп барган адамдан эл үмүт менен жакшы иштерди күтөт. Ошон үчүн жакшы иштерди жасай албаган адам кайра эле сын пикирлерге кабылат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here